биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

_____________________________ 


_____________________________



_
____________________________

__________________________________

Маалымат өнөктөштөр


______________________________________






31.08.2022
КРнын Соода-өнөр жай палатасы Палата мүчөлөрүн жана жалпы кыргызстандыктарды 31-август Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайт!
Асманыбыз ачык, элибиз аман болсун. Гүлдөй бер, Кыргызстан!
кененирээк
22.08.2022

ШКУнун Биринчи ишкер айымдар конференциясында “Ала Тоо Сүт” компаниясы 1 млн. долларга келишим түздү
Иш-чара 2022-ж. 18-19 августунда Ташкент шаарында өттү.

кененирээк
17.08.2022
Бүгүн, 2022-ж. 17-августунда Оренбургдан жеке ишкерлердин Кыргызстанга болгон бизнес-сапары башталды.
Анын алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасында россиялык компаниялардын өкүлдөрү менен ата мекендик ишкерлердин В2В-жолугушууларды өттү.
кененирээк
05.08.2022

Кыргызстан жана Башкортостандын Соода-өнөр жай палаталары ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилди.
Мындан тышкары, россиялык жана кыргызстандык компаниялар ортосунда эки келишим түзүлдү.

кененирээк
20.07.2022

Соода-өнөр жай палатасы GIZ «Кыргызстанда ишке орноштурууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү» долбоорунун окуусуна катышты.
Кесиптик компетенцияларды көз карандысыз сертификациялоо боюнча семинар 2022-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин өттү.

кененирээк
15.07.2022

КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык жеке ишкерлерди Германияга стажировкага жөнөтүүгө даярдап жатат.
Бүгүн, 2022-ж. 15-июлунда КРнын СӨПда “Fit for partnership with Germany” программасынын алкагында ишкерлердин экинчи тобу үчүн даярдоочу тренингдер өтүүдө.

кененирээк

Урматтуу биздин сайттын меймандары,

Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын расмий сайтына кош келиңиздер! 

Биздин сайттан Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын (мындан ары – Палата) ишмердүүлүгү, максаттары жана милдеттери, ар багыттагы иш-аракеттери, атамекендик ишкерлик чѳйрѳсүнүн дүйнѳ ишкерлеринин коомчулугу менен болгон кызматташтыгын кеңейтүү, кыргызстандык ѳндүрүүчүлѳрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктѳрүн илгерилетүү, ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, бизнести жүргүзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү багыттарындагы аракеттер, иш-чаралар жана башка бизнес үчүн маанилүү маселелер боюнча маалыматтарды сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз. 

Палата – мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес, коомдук уюм, ишкерлер чѳйрѳсү менен бийликтин ортосунда баардык деңгээлде натыйжалуу жана конструктивдүү кызматташууну түзүүнү кѳздѳйт. Палатанын атамекендик ишкерликти ѳнүктүрүү жана тышкы-экономикалык байланыштарын кеңейтүү үчүн зарыл мүмкүнчүлүктѳрү жана кудурети бар. Палата кѳрсѳткѳн кызматтардын баардыгы: маалымат базасы, жогору квалификациялуу тажрыйбалуу эксперттердин, ошондой эле чет мамлекеттик адистердин кызматы, бизнес чѳйрѳсүнүн катышуусу менен форумдарды, жолугушууларды уюштуруу, чарбачылык ишти алып барууда ишкерлердин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, жана башка кызматтар ѳлкѳдѳ ишкерликтин ѳнүгүүсүнѳ багытталат.

Ушуну менен бирге ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Палата ѳлкѳдѳгү кичи жана орто бизнестин ѳнүгүүсүнѳ түрткү берүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурат, себеби аталган сектор улуттук экономиканын ѳнүгүшүндѳ негизги орунду ээлейт, бул – биринчиден мамлекеттин социалдык фондуна жана бюджетине түшкѳн тѳлѳмдѳр, экинчиден калкты жумуш орундары менен камсыздоо. Ишкерлерге кѳрсѳткѳн жардам биринчи ирэтте ишкерликти жүргүзүүдѳ зарыл болгон инфраструктураны түзүү, мыйзам базасын ѳркүндѳтүү, экономиканын реалдуу секторуна зарыл кадрлардын квалификациясын жогорулатуу. 

Урматтуу айымдар жана мырзалар, Палатанын расмий сайты сиздер үчүн маанилүү жана керектүү маалыматтын булагы, ал эми ишкерлер үчүн бизнести жүргүзүүдѳ жана илгерилетүүдѳ ишенимдүү ѳнѳктѳш болот деген ишеничтемин.

Урматтуу биздин сайтыбыздын меймандары, сиздердин ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалоо менен Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы сиздер менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин айтмакчымын.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Соода-ѳнѳр жай палатасынын Президенти         

Марат Шаршекеев   


_____________________________ 


_____________________________



_
____________________________

__________________________________

Маалымат өнөктөштөр


______________________________________






Европага экспорт


______________________________________

Германиядан эксперттердин колдоосун
акысыз пайдаланып алыңыз
Улук эксперттер кызматы