биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » ПАЛАТАНЫН КЫЗМАТТАРЫ » Кѳргѳзмѳ-жарманкелерди уюштуруу жана ѳткѳрүү

Кѳргѳзмѳ-жарманкелерди уюштуруу жана ѳткѳрүү


Палатанын «Кыргызэкспоборбор» департаменти

Жаңы технологиялар заманында маалымат – бизнестин ѳнүгүүсүнүн негизги фактору болууда. Бул багытта керектүү маалымат мейкиндигин кѳргѳзмѳ-жарманкелер жаратат. Эл аралык, мамлекеттер аралык, универсалдык жана адистештирилген кѳргѳзмѳ-жарманкелерге катышуу – бул компаниянын ишмердүүлүгү жѳнүндѳгү маалыматты жайылтууда ыңгайлуу жол катары, болочок ѳнѳктѳштѳргѳ ишкана жана ѳндүргѳн продукция тууралуу маалыматты кеңири жайып, алар менен бетме-бет жолугушуп, сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүгѳ кеңири мүмкүнчүлүктѳрдү түзѳт. 

Кѳргѳзмѳ-жарманкелер ишкерлердин ѳз ара байланыштарын түзүүгѳ жана ѳнүктүрүүгѳ, компаниялардын ишмердүүлүгү, ѳндүргѳн продукциялары жана кѳрсѳткѳн кызматтары менен кеңири таанышууга ыңгайлуу шарттарды түзѳт. Белгилүү болгондой, мындай тыгыз байланыш кызматташууга белсенген тараптардын ортосундагы ишенимди бекитет.

 «Кыргызэкспоборбор» департаменти ѳлкѳ ичиндеги жана чет мамлекеттердеги кѳргѳзмѳ-жарманкелердеги Кыргызстандын улуттук жана тармактык (фирмалык) стенддеринин негизги  уюштуруучусу. 

Палатанын «Кыргызэкспоборбор» департаменти төмөндөгү кызматтарды кѳрсѳтѳт:
  • Кѳргѳзмѳ-жарманкелерди уюуштуруу жана ѳткѳрүү;
  • Кѳргѳзмѳ жабдууларын ижарага берүү;
  • Жеке кѳргѳзмѳ жабдууларын куроо;
  • Кѳргѳзмѳлѳргѳ эффективдүү катышуу маселелери боюнча кеңеш берүү;
  • Эл-аралык кѳргѳзмѳ-жарманкелерге катышууга бизнес-турларды уюштуруу;
  • Бетачарларды жана конференцияларды уюштуруу;
  • Ишкерлердин жолугуусун уюштуруу;
  • Маркетингдик жана жарнама-маалымат кызматтарды кѳрсѳтүү.
 

Байланыш телефондору: + 996 (312) 61-01-20;  61-04-11; 47-14-27

e-mail: expocentre@list.ru