Башкы бет » ПАЛАТАНЫН КЫЗМАТТАРЫ » Иш-чараларды жогору деңгээлде ѳткѳрүү боюнча кызматтар топтому
Иш-чараларды жогору деңгээлде ѳткѳрүү боюнча кызматтар топтому
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы (Палата) сиздерге ѳзүнүн урматтоосун билдирет жана ар кыл деңгээлдеги экономикалык иш-чараларды (жолугушуулар, конференциялар, тегерек столдор, семинарлар) ѳткѳрүү боюнча кызматтар топтомун сунуштайт.
Кызматтар топтомуна тѳмѳндѳгүлѳр кирет:
Конференц-залдарды ижарага берүү;
Иш-чарага катышууга ишкерлер чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрүн – Палата мүчѳлѳрүн тартуу;
Ѳткѳрүлүп жаткан иш-чарага маалыматтык колдоо кѳрсѳтүү:
- Палатанын расмий сайтында иш-чара тууралуу жарыя жана жыйынтыктоочу материалдарды жайгаштыруу;
- иш-чаранын жүрүшүн сүрѳткѳ тартуу;
- Палатанын электрондук базасы (800дѳн ашуун электрондук дарек) боюнча иш-чара тууралуу маалымат таркатуу.
ЧОҢ КОНФЕРЕНЦ-ЗАЛ 200 кишиге ылайыкталган (театралдык отургузуу).
Столдорду жана отургучтарды иш-чаранынын жүрүшүнѳ ылайыктап ар кандай абалда жайгаштырууга толук мүмкүнчүлүк бар. Залда каралган ѳзүнчѳ орунжай чет тилдерден синхродук которууга арналган жабдууларды жайгаштыруу үчүн ылайыкталган.
Конференц-залдын кире беришин иш-чаранын катышуучуларын каттоодон ѳткѳрүү жана кофе-брейктерди уюштуруу үчүн колдонсо болот.
- Палатанын чоң конференц-залынын ижара наркы 300$дан башталат.
- Ижара акысынын ичине иш-чара катышуучуларын минералдык суу, кеңсе заттары менен, экран, видеопроектор, радиомикрофондор, ноутбук жана интернет байланышы менен камсыздоо кирет.
- 15 чет тилдерине сапатуу синхрондук которуу 200$дан баштап;
- Синхрондук которуу үчүн заманбап жабдыгынын (ISO 9002) ижара наркы 200$;
- Кейтеринг кызматы (кофе-брейк) – киши башына 5$дан баштап.
Кѳрүү үчүн сүрѳттү басыңыз
КИЧИ КОНФЕРЕНЦ-ЗАЛ 30 адамга чейин
Зал семинар, ѳнѳктѳштѳрдүн жолугушуусу, презентацияларды ѳткѳрүү үчүн ыңгайлуу.
- Кичи конференц-залдын ижара наркы 150$дан башталат.
- Ижара акысынын ичине иш-чара катышуучуларын минералдык суу, кеңсе заттары менен, экран, видеопроектор, радиомикрофондор, ноутбук жана интернет байланышы менен камсыздоо кирет.
Кѳрүү үчүн сүрѳттү басыңыз
Палатанын имараты ордо калаабыздын так борборунан орун алган жана Сиздердин иш-чараны тийиштүү деңгээлде ѳткѳрүү үчүн бардык шарттары каралган эң ыңгайлуу жай.
Палатада иш-чараларды ѳткѳрүү боюнча сурап-билүү телефондору: 0312 61-01-73, 0559 59-95-01
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы ар дайым кызматташууга ачык жана Сиздердин иш-чараны жогору деңгээлде ѳткѳрүүгѳ даяр.
Биздин сунушка кѳнүл бургандыгыңар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жемиштүү кызматташууга далалатбыз.