биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » ПАЛАТАНЫН КЫЗМАТТАРЫ » Товарларды экспертизалоо, ѳндүрүлгѳн жана жасалган товарларды тастыктоочу сертификаттарды берүү

Товарларды экспертизалоо, ѳндүрүлгѳн жана жасалган товарларды тастыктоочу сертификаттарды берүү


Палатанын «Кыргызэкспертиза» департаменти

Азыркы заманда алып жаткан же жѳнѳтүүгѳ арналган товарларды, жүктѳрдү, чийки заттарды (сырье) же болбосо жабдууларды ѳз убагында экспертизадан ѳткѳрүү керектѳѳчүлѳрдүн дагы, ташуучулардын, жүктѳрдү ала турган жактардын дагы кызыкчылыктарынын корголушунун кепилдиги болуп саналат.

Турмуш көрсөткөндѳй ишканалар жана ишкерлер көбүнэсе ташуучулардын  абийирсиздигинен улам жапа чегет. Ишканалар жана ишкерлер товар менен келген контейнерди же вагонду өз алдынча ачып чоң ката кетиришет.  Мындай учурда жүктүн арасынан кемичилик чыкса, же товар бузулган болсо  жүк ташуучу тарап кемчиликтер боюнча коюлган айыпты мойнуна албай коюшу мүмкүн. Ушундай окуяларды болтурбоо үчүн Палатанын «Кыргызэкспертиза» департаментине кайрылуу зарыл. Палатанын адистери товардын сапатын аныктоо боюнча көз карандысыз экспертиза жүргүзүп, товардын кемчилигинин пайда болуусунун себебин жана товардын сапатынын начарлашын аныктап берет. Товарларды экспертизалоо укугу КР «Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы жѳнүндѳгү» мыйзамы менен бекитилген.

Палатанын  эксперттери түзгѳн экспертиза актылары ташуучу менен жүктѳрдү алуучу тараптардын ортосундагы мамилелерди жѳнгѳ салуу процессинде зор мааниге ээ болгон документ болуп таанылат.

Палатанын  кѳз карандысыз жана объективдүү эксперттери түзгѳн экспертиза актылары  тышкы экономикалык операцияларды жана чарбалык талаштарды чечүүдѳ  Кыргыз Республикасынын сотторунда, Палатанын Эл аралык бейтарап сотунда жана Эл аралык арбитраждык  соттордо  пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Палатанын «Кыргызэкспертиза» департаментинин жогору квалификациялуу адистери кыргызстандык жана чет элдик ишкерлердин билдирмелери боюнча мамлекеттин бардык аймактарында товарлардын жана жүктѳрдүн, ошондой эле жабдыктардын, сырьелордун сапатын жана санын кµз карандысыз экспертизадан ѳткѳрүшѳт жана маркировканын тууралыгын, жабдуулардын абалын текшерүүдѳн ѳткѳрүшѳт. Ишканалардын экспорттук имшердүүлүгүн аткарууда зарыл болгон Кыргызстандан башка мамлекеттерге экспортко чыгарылып жаткан товарлардын пайда болуусун күбѳлѳгѳн сертификаттарды беришет.

Палата мамлекеттик эмес жана коммерциялык эмес уюм, өндүрүүчүдөн же кардардан көз каранды эмес. «Кыргызэкспертиза» департаментинин адистери  экспертизанын бардык түрлѳрүн нормативдик-техникалык документтердин – ГОСТтордун, товарлардын же башка заттардын сапатын аныктоочу методикалардын негизинде  жүргүзүшѳт.  

«Кыргызэкспертиза» департаментинде жогору квалификациялуу, дасыккан эксперттер эмгектенен, алардын басымдуу бѳлүгү тиешелүү аттестациялардан ѳтүп «ТПП - Эксперт СНГ» системасынын реестрине киргизилген.

Эгерде ѳзүңүздүн бизнесиңизди коопсуздандыргыңыз келсе товарларды жана продукцияны алып же жѳнѳтүп жатканда Палатанын эксперттеринин кызматын пайдаланыңыз.


Палатанын «Кыргызэкспертиза» департаменти  тѳмѳндѳгү кызматтарды кѳрсѳтѳт:

  • Товарды ѳндүргѳн мамлекетти аныктоо жана товардын пайда болгонун күбѳлѳгѳн сертификатты берүү;
  • Келген товардын саны, сапаты, комплекттүүлүгү, жабдыктары жана маркировалары келишимдин шарттарына ылайык экендигин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүү;
  • Товарларды жѳнѳтүүнүн алдында алардын сапатын жана санын аныктоо максатында экспертиза жүргүзүү;
  • Транспорттук жана жабдыктоочу каражаттардын абалын экспертизалоо;
  • Товарлардын үлгүлѳрүнүн сапатынын деңгээлин текшерүү;
  • Товардын абалын, мүнѳзүн, жабдыгын, санын бажы аймагындагы убактылуу сактоо камерасына ѳткѳрүп берүү (алуу) маалында жазып, белгилеп коюу;
  • Товарды сактоо убагында пайда болгон кемчиликтердин себебин аныктоо жана констатациялоо үчүн экспертиза жүргүзүү
  • Товарды ташууда жана сактоодо пайда болгон кемчиликтердин себептерин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүү;
  • Мурда колдонулган товарлардын сапатын экспертизалоо, алардын кемчиликтеринин пайда болушунун жана/же болбосо ал кемчиликтерден улам товардын сапатынын тѳмѳндѳшүн аныктоо;
  • Текшерүү маалында товардын чыныгы сапатын эске алуу менен аларга болгон эркин колдонулган баалардын деңгээлин аныктоо;
  • Товардын мүнѳзүн тактоо жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардын номенклатуралык кодун аныктоо;
  • Экспорттого арналган продукцияны ѳздүк ѳндүрүлгѳн продукция катары аныктоо;
  • Атамекендик жана чет мамлекеттик бажы жана каржы органдарынын суроолору боюнча пайда болуу жѳнүндѳгү сертификаттарды верификациялоо;
  • Чарба субъекттерин экспертизанын бардык түрлөрү, товарлардын пайда болуусун сертификациялоо, продукциянын өндүрүүчүгө таандыгын аныктоо боюнча кеңеш берүү.

Байланыш телефондор +996 312 61 38 80, 61 38 81