Башкы бет » Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын долбоорлору » Кыргызстандын экономикасына башкаруучу кадрларды дайындоо Программасы
Кыргызстандын экономикасына башкаруучу кадрларды дайындоо Программасы
Кыргызстандын экономикасына башкаруучу кадрларды дайындоо Программасы Германиянын экономика жана энергетика боюнча Федералдык министрилиги тарабынан каржыланып, Эл аралык кызматташуунун германдык коому (GIZ) аркылуу ишке ашырылат.
Программаны аткаруудагы ѳнѳктѳштѳр:
Кыргыз Республикасынын экономика министирлиги
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы
Эл аралык кызматташуунун германдык коому (GIZ)
Программанын максаттары: Германия менен Кыргызстандын ортсундагы эки тараптуу экономикалык байланыштарын туруктуу ѳнүктүрүү, кыргыз ишканаларынын атаандаштыкка жѳндѳмдүүлүгүн башкаруу компетенцияларды ѳткѳрүү жолу менен жогорулатуу, жана кыргыз компанияларын немецтик ишканалар менен кызматташууга дайындоо.
Программанын алкагында катышуучулар Германиянын рыногу менен таанышууга, немецтик ишканалар менен байланыштарды жана узак мѳѳнѳттүү ѳнѳктѳштүктү түзүүгѳ мүмкүнчүлүк алышат.
Программанын максаттуу аудиториясы болуп атамекендик ишканалардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери таанылат. Программа катышуучуларды окутууну, ар кыл тармактардагы немецтик ишканалардын мисалында менеджментти изилдѳѳнү, технологиялар жана жабдуулар менен таанышууну, тармактык жана техникалык суроолор боюнча тажрыйба алмашууну, немецтик ишканаларга барууну камтыйт.
Программанын аткарылышынын алкагында Кыргызстандан 148 атамекендик ишкерлери Германияда такшалмадан ѳтүштү, практикалык тренингдердин жүрүшүндѳ алар ишканаларды башкаруунун алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга жана немецтик ѳнѳктѳштѳр менен тыгыз кызматташууну түзүүгѳ мүмкүнчүлүк алышты.