биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын долбоорлору » Кыргыз Республикасында агроѳндүрүш комплекси үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, кадрдык кудуретин жана экспортту жогорулатуу боюнча Долбоор

Кыргыз Республикасында агроѳндүрүш комплекси үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, кадрдык кудуретин жана экспортту жогорулатуу боюнча Долбоор


Кыргыз Республикасында агроѳндүрүш комплекси үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, кадрдык кудуретин жана экспортту жогорулатуу боюнча Долбоор

Долбоорду аткаруудагы ѳнѳктѳштѳр:

Экономикалык кызматташуу жана ѳнүгүү уюму (OECD)

Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы

Эл аралык кызматташуунун германдык коому (GIZ)

 

Айыл-чарба ишканалары үчүн каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча Долбоордун максаттары:

- Кыргызстандын айыл-чарба секторундагы ишканалары үчүн банкттардын зайымдарынын  жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга кѳмѳктѳшүү. Товардык насыялоону жайылтуу;

- Товардык насыялоонун ченемдик-укуктук негизин ылайыкташтыруу;

- Кампаларды каттоо, тастыктамалоо жана инспектирлѳѳнүн ченемдик-укуктук негизин түзүү;

- Тараптарды коргоо үчүн кепилдик берүү максатында компенсациялык фондду түзүү;

- Мамлекеттик-жеке ѳнѳктѳштүштү түзүү аркылуу кампалык чарбалыктын жана кампалык ишмердүүлүктүн ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшүү;

-Консультацияларды, тиешелүү техникалык кѳмѳктѳшүү жана айыл-чарба ѳндүрүмдѳрүнѳ болгон базар баалары жѳнүндѳ маалыматты берүү аркылуу айыл-чарба ѳндүрүүчүлѳр бирикмелеринин кудуретин бекемдѳѳ, банкттардын, кампа жайларынын операторлорунун жана айыл-чарба ѳндүрүүчүлѳр бирикмелеринин ортосунда күрѳѳ катары кампа тил катынын негизинде каржылоо боюнча макулдашууну түзүү.

 

Агроѳндүрүш комплексинин экспорттук жана кадрдык кудуретин жогорулатуу боюнча Долбоордун максаттары:

Кесиптик-техникалык билим берүү мекемелердинде окуучулардын эмгек рыногунун талаптарына ылайык практикалык ыкмаларын ѳнүктүрүү үчүн иш орундарында окутуу системасын киргизүү;

- Иш орундарында окутуу тартибин жѳнгѳ салуу үчүн ченемдик-укуктук базаны ылайыкташтыруу;

- Окуу мекемелеринин жана жеке сектордун эффективдүү иштеши үчүн негизди түзүү;

- Окуу жайларынын бүтүрүүчүлѳрүн тартуу үчүн агроѳндүрүш комплексинин популярдуулугун кѳтѳрүү.