биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Бизнести колдоо » Палатанын тармактык комитеттери » Палатанын ѳнѳр-жай саясаты, экспортко кѳмѳктѳшүү, инфратүзүмдү жана логистиканы ѳнүктүрүү боюнча Комитети

Палатанын ѳнѳр-жай саясаты, экспортко кѳмѳктѳшүү, инфратүзүмдү жана логистиканы ѳнүктүрүү боюнча Комитети


Комитеттин максаттары

Комитет Кыргыз Республикасын жана чет ѳлкѳлѳрдүң ишкерлер чѳйрѳсүнүн ортосунда байланыштарды түзүү, мамлекеттин экономикасынын ар тармактарындагы коомдук маанилүү долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, мыйзмадарды жакшыртуу жолдору менен ѳнѳр-жай саясатынын ѳнүгүүсүнѳ жана экспортко кѳмѳктѳшүү максатында түзүлдү.  

Комитеттин иш-милдеттери:

  • Ѳнѳр-жай саясаты, экспорттук потенциал, инфратүзүм жана логистика тармактарында жүргүзүлүүчү мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, аталган тармактардагы долбоорлор боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен чогуу иштешүү;
  • Комитетке тиешелүү тармактарда жана долбоорлор боюнча мыйзамдык, салыктык жана башка шарттар боюнча, инвестициялык мүмкүнчүлүктѳр тууралуу маалымат топтоо;
  • Комитетке тиешелүү тармактар боюнча ийгиликтүү тажрыйба менен таанышуу жана аны таркатуу, ѳлкѳдѳ жана анын аймактарында аталган тармактарга терс таасир тийгизген факторлорду аныктоо, КРнын колдонуудагы мыйзамдарына тиешелүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү долбоорлорун илгерилетүү жана иштеп чыгууга катышуу.
  • Аталган тармактардагы маанилүү долбоорлор боюнча республикалык, аймактык жана жергиликтүү бийлик органдары, жана башка тиешелүү мекемелер менен алып барган ишти координациялоо;
  • Реиндустриализация, экспортко кѳмѳктѳшүү, инфратүзүмдү жана логистиканы ѳнүктүрүү шарттарын жакшыртуу үчүн ишкерлер чѳйрѳлѳрүнүн жолугушууларын, тармактык жана тармактар аралык отурумдарды ж.б. иш-чараларды уюштурууга кѳмѳктѳшүү;
  • Палатанын мүчѳлѳрүнүн жана Кыргызстандын ишкерлик чѳйрѳсүнүн кызыкчылыктарын илгерилетүү.

 

Комитеттин Тѳрагасы - Рахимов Кубатбек Калыевич
Тел.:  +996 778 00-11-11
e-mail: sbsca.kg@gmail.com   kubat.rakhimov@gmail.com 

Жооптуу катчысы - Райымкулова Майрам Асанкуловна
Тел.: + 996 (312) 61-01-73
факс: + 996 (312) 61-38-75
e-mail: strategy@cci.kg