биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Бизнести колдоо » Палатанын тармактык комитеттери » Палатанын агрардык ѳнѳр-жай комплекси жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жайындагы ишкерлик боюнча Комитети

Палатанын агрардык ѳнѳр-жай комплекси жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жайындагы ишкерлик боюнча Комитети


Комитеттин максаттары:

Комитет Кыргыз Республикасында агрардык ѳнѳр-жай комплексинин жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жайынын ѳнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында ишкерлик менен мамлекеттик бийликтин ортосундагы конструктивдүү маекти орнотуу максатында түзүлгѳн.

Атамекендик ѳндүрүүчүнү колдоого багытталган колдонуудагы мыйзамды жакшыртууга, эффективдүү ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууга кѳмѳктѳшүү. Базар экономикасынын шарттарында атамекендик ишкерликтин ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшүү,  ѳнѳр-жай комплексинде жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жайында жаңы экономикалык түзүмдѳрдү колдоо,атамекендик жана чет мамлекеттик ишкерлердин тажрыйба алмашуусуна кѳмѳктѳшүү. О.э. ѳнѳр-жай комплексиндеги жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жайындагы ишканалардын жана ишкерлердин тармактын бирикмелерение алардын чарбачылык ишмердүүлүгүн жүргүзүүдѳ практикалык жардам кѳрсѳтүү.

Комитеттин иш-милдеттери:
  • Ѳнѳр-жай комплексиндеги жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жайындагы ишкерликтин ѳнүгүүсүнѳ терс таасирин тийгизген факторлорду анализдѳѳ, негизсиз чектѳѳлѳрдү жана бюрократтык тоскоолдуктарды жоюууга кѳмѳктѳшүү.
  • Палатанын аппараты, мүчѳлѳрү жана коомдук курумдары менен биргеликте ѳнѳр-жай комплекси жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жай тармактарындагы колдонуудагы мыйзмадарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун жана ишкерлердин жана ишканалардын кызыкчылыктарын тиешеси бар жалпы экономикалык мүнѳздѳгү актылардын экспертизалоосуна катышуу,
  • Ѳнѳр-жай комплекси жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жай тармактарын мамлекеттик жана коомдук колдоонун эффективдүү формаларын жана механизмдерин иштеп чыгууга кѳмѳктѳшүү.
  • Комитеттин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча жүргүзүлгѳн маркетингдик изилдѳѳлѳргѳ катышуу.
  • Палатанын алдында ишкерликтин ар кандай багыттары боюнча түзүлгѳн курумдарына катышуу жана маалыматтар кору менен пайдалануу.
  • Эл аралык жана улуттук кеңештер, ассоциациялар, ишкерлердин бирикмелери жана чет мамлекеттик агро ѳнѳр-жай фирмалары менен байланыштарды жана кызматташууну түзүү.
  • Атамекендик ишканалар менен ишкерлердин ѳнѳр-жай комплекси жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жай тармактарындагы  ишкерликти ѳнүктүрүү багытында чет мамлекеттик тажрыйба менен танышууга жана атамекендик тажрыйбаны жайылтууга кѳмѳктѳшүү.
  • Атамекендик ишканалар менен ишкерлердин тышкы экономикалык кызматташуусу жѳнүндѳ маалымдама-маалыматтык жана консультациялык жардам алуусуна кѳмѳктѳшүү.
  • Комитеттин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде кѳргѳзмѳлѳрдү, конференцияларды, семинарларды, симпозиумдарды ж.б. иш-чараларды уюштуруу жана аларга катышуу боюнча сунуштарды дайындоо.
  • Атамекендик илимий жа ишкер чѳйрѳлүрүнүн ѳкүлдѳрүн ѳнѳр-жай комплекси жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жай тармактарындагы   ишкерликтин кѳйгѳйлѳрүн кѳтѳргѳн эл аралык жана чет мамлекеттик симпозиумдарга жана конференцияларга катышууга тартуу.
  • Палатанын жетектѳѳчү органдарына конференция, семинар, симпозиумдардын материалдарын жалпылап, ишкерлер чѳйрѳсүнүн актуалдуу кѳйгѳйлѳрү боюнча бириккен позициясын чагылдырган сунуштарды дайындоо жана киргизүү.
  • Ѳнѳр-жай комплекси жана кайра иштетүүчү ѳнѳр-жай тармактарындагы  ишкерлер бирикмелеринин жана ишканаларынын адистеринин квалификациясын жогорулатуучу семинарларга, тажрыйба алмашууларга катышуусуна кѳмѳктѳшүү.




Комитеттин Тѳрагасы– Шамкеев Бактыбек Абылкасымович.
Тел.: +996 (312) 61-05-71
Факс: +996 (312) 32-38-91
e-mail: shamkeyev@elcat.kg 

Жооптуу катчысы - Райымкулова Майрам Асанкуловна
Тел.: + 996 (312) 61-01-73
факс: + 996 (312) 61-38-75
e-mail: strategy@cci.kg