Башкы бет » Бизнести колдоо » Палатанын тармактык комитеттери » Палатанын Кыргызстанда чет ѳлкѳлүк ишкерликти колдоо Комитети
Палатанын Кыргызстанда чет ѳлкѳлүк ишкерликти колдоо Комитети
Комитеттин максаттары:
Комитет эффективдүү инфратүзүмдү, атамекендик жана чет мамлекеттик ишкерлер чѳйрѳлѳрүнүн туруктуу байланыштарын түзүү аркылуу ѳлкѳдѳ базар экономикасынын турукталышына кѳмѳктѳшүү максатында түзүлдү.
Комитет инвестициялардын ѳнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономиканын ѳнүгүүсү үчүн түзүлүп жаткан жана колдонуудагы ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, дүйнѳ экономикалык мейкиндигине интеграциялануусуна, Кыргызстандын беделин жакшыртууга жана атамекендик инвестициялык долбоорлордун чет мамлекеттерде илгерилетүүсүнѳ кѳмѳктѳшүү аркылуу Кыргыз Республикасында чет ѳлкѳлүк ишкерликтин ѳнүгүүсүнѳ колдоо кѳрсѳтүү максатында түзүлдү.
Мыйзамдарга сунуштарды иштеп чыгууга катышуу, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин ишкерлер чѳйрѳлѳрүнүн туруктуу кызматташуусун жѳнгѳ салуу үчүн Кыргызстанда иш жүргүзгѳн чет ѳлкѳлүк ишкерлерди бириктирүү.
Комитеттин иш-милдеттери:
- Кыргыз Республикасында чет ѳлкѳлүк ишкерликтин ѳнүгүү процессинин ишке ашырылышына кѳмѳктѳшүү.
- Кыргызстандын беделин жакшыртууга жана анын дүйнѳлүк экономикалык мейкиндикке интеграциялануусуна кѳмѳктѳшүү.
- Кыргызстанда бизнес чѳйрѳсүн жакшыртууга, чет ѳлкѳлүк ишкерлердин кызыкчылыгын козгогон иш-чараларды макулдашууда чет ѳлкѳлүк ишкерлерди бириктирүү.
- Кыргызстандагы чет ѳлкѳлүк ишкерлер менен мамлекеттик бийлик институттарынын ортосундагы ѳз ара аракетти уюштуруу.
- Чет ѳлкѳлүк ишкерлердин жана уюмдардын Кыргызстанда чарбачылык ишмердүүлүгүн жүргүзүү маселелери боюнча кызыкчылыктарын коргоо.
Мамлекеттик инвестициялык саясатка байланыштуу сунуштарды иштеп чыгуу. - Колдонуудагы жана калыптануудагы мыйзамдык жана ченемдик базаны жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, мыйзамдык чечимди талап кылган экономикалык артыкчылыгы бар кѳйгѳйлѳрдү аныктоо.
- Чет ѳлкѳлүк ишкерликти ѳнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен кызматташууну иш ашыруу, чет ѳлкѳлүк уюмдардын таламдарын кѳрсѳтүү, негизги кѳйгѳйлѳрдү ачып кѳрсѳтүү, ченемдик-укуктук чечимдердин долбоорлорун түзүү.
Комитеттин Тѳрагасы – Итибаев Кайрат Жаныбекович
Тел./факс: +996 (312) 88 11 68
e-mail: office@fiabiz.org
Жооптуу катчысы - Райымкулова Майрам Асанкуловна
Тел.: + 996 (312) 61-01-73
факс: + 996 (312) 61-38-75
e-mail: strategy@cci.kg