Башкы бет » Бизнести колдоо » Эл аралык бейтарап соту
Эл аралык бейтарап соту
2002-жылы 30-июлда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Респбуликасындагы бейтарап арбитраждары жѳнүндѳ» мыйзам кабыл алынып, 2003-жылы «Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору жѳнүндѳ» мыйзамы деп аталышы ѳзгѳртүлгѳн.
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап соту Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги тарабынан 2002-жылдын сентябрында расмий катталууга алынып ар дайым иштѳѳчү институционалдык арбитраж катары таанылган.
АКШнын эл аралык ѳнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД), Европада коопсуздук жана кызматташуу боюнча Уюмунун (ОБСЕ), Азия ѳнүктүрүү банкынын, «Евразия Борбордук Азия» фондунун, «Сорос-Кыргызстан» фондунун, Норвегия ѳкмѳтүнүн каржылык колдоосу Кыргызстанда бизнес чѳйрѳсүндѳгү экономикалык талаш маселелерин соттон тышкары чечүү ишмердүүлүгүн бекемдетүүгѳ ѳбѳлгѳ болду.
Учурда Палатанын эл аралык бейтарап соту – кѳз карандысыз, айкын иш алып барган жана бизнес чѳйрѳсүндѳгү экономикалык талаш маселелерин кѳз карандысыз профессионалдык арбитрлердин жардамы аркылуу сапаттуу жана тез арада чечүүчү орган болуп калды.
Палатанын эл аралык бейтарап сотунун вазийпасы – экономикалык талаштарды арбитраж жана башка альтернативдүү ыкмалар менен калыс жана адилеттүү чечүүнү камсыз кылуу.
Палатанын эл аралык бейтарап соту юридикалык тараптарга жана жактарга/жарандарга жарандык укук мамилелеринен пайда болгон талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүүгѳ кѳмѳктѳшүүгѳ да багытталат.
Учурда Палатанын бейтарап сотун 187 арбитр түзѳт, алардын 112и кыргызстандык жана 75и Англия, Швеция, Франция, Америка, Россия, Нидерландия, Беларусия, Түркия, Казакстан, Ѳзбекстан, Украина, Индия, Австрия, Хорватия, Румыния жана башка 22 чет мамлекеттердин арбитрлери.
Арбитрлердин тизмесине юристтер гана эмес, экономикалык, финансылык жана бизнес тармагында иш алып барган профессионалдуу адистер кирет.
Бейтарап соттордун ишмердүүлүгүн жана бейтарап териштирүүлѳрдүн тартиптерин жѳнгѳ салуу мыйзамдары эл аралык укук нормаларына ылайык келет.
Байланыштар:
Дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Шопоков кѳчѳсү 89, 4-кабат, 1-офис ("Мегакомфорт" соода борборунун имаратында)
тел./ факс: +996(312)43-89-77
site: http://www.arbitr.kg
тел.: +996(312) 43-89-77 - Улан кызы Каныкей – сот отурумдарынын катчысы, референт
тел. +996(312) 38-30-05 - Дуйсенбек Салия - аткаруучу директорунун м.а., жооптуу катчы
e-mail: arbitr@elcat.kg
тел.: +996(312) 43-89-77 - Сальникова Светлана Степановна - башкы бухгалтер (каржы маселелери)