Башкы бет » Бизнести колдоо » Палатанын алдындагы ишкерлер кеңештери
Палатанын алдындагы ишкерлер кеңештери
Ишкерлер кеңештерин түзүүнүн негизги максаты – бизнес үчүн маанилүү маалыматтар, тажрыйба алмаштыруу багытында кызматташууну ѳнүктүрүү, соода жана бизнес-миссияларын жана башка мамлекетибизге инвестицияларды тартууга ѳбѳлгѳ түзгѳн, атамекендик бизнес чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрүнүн чет мамлекеттердеги ишкерлер менен ѳнѳктѳштүк байланыштарын түзүүгѳ жана кеңейтүүгѳ багытталган иш-чараларды уюштуруу жана ѳткѳрүү.
Ишкерлер кеңештери ата-мекендик жана чет мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык байланыштарды түзүүгѳ жана кеңейтүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ багытталган.
Учурда Палатанын алдында тѳмѳнкү ишкерлер кеңештери түзүлгѳн жана иш алып барат:
Кыргыз-Индия ишкерлер кеңешиКыргыз-Корей ишкерлер кеңеши
«Кыргызстан – Россия» ишкерлер кеңеши
Кыргыз-Араб биргелешкен ишкерлер кеңеши (Сауд Аравия, Катар, БАЭ)
Палатанын алдындагы Ишкерлер кеңештеринин иш-чаралары, алдыга койгон пландары жана Ишкерлер кеңештеринин курамына кирүү суроолору боюнча Палатанын Тышкы экономикалык байланыштар бѳлүмүнѳ кайрылыңыздар.
Байланыш телефондору: +312 613873, +312 613874