Башкы бет » Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы жѳнүндѳ » Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын вазийпасы
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын вазийпасы
Палата мамлекеттик эмес, коомерциялык эмес, коомдук уюм, ѳзүнүн ишмердүүлүгүн атамекендик жана чет мамлекеттик ишкерлер бирикмелери менен байланышын кеңейтүүгѳ, улуттук экономиканын ѳнүгүүсүнѳ, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен ѳнѳр-жай, илимий-техникалык жана соода байланыштарын кеңейтүүгѳ багыттайт.
Палата 1959-жылдын 24-декабрында негизделген жана ушул убакта Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин 1994-жылдын 13-апрелинде кабыл алган «Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы жѳнүндѳгү» мыйзамынын негизинде ѳз ишин алып барат.
Палатанын вазийпасы болуп Кыргызстанда ишкерликтин турукталышына, ѳнүгүүсүнѳ жана ишкерликтин кызыкчылыктарынын корголушуна тиешелүү укуктук чѳйрѳнү жана башка шарттарды түзүү саналат.
Палата республикада ар бир ишкерге бизнести өнүктүрүү жана эл аралык рынокторго чыгуу үчүн реалдуу жана тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгѳ умтулат.
Палата Кѳз карандысыз шериктеш мамлекеттердин, Балтия, Чыгыш жана Борбордук Европа ѳлкѳлѳрүнүн Соода ѳнѳр-жай жана чарбачылык палаталарынын кызматташтыгы боюнча Эл аралык кеңешинин, Балтии, Восточной и Центральной Европы, Ислам Соода ѳнѳр-жай палатасынын жана Экономикалык кызматташуу уюмунун Соода ѳнѳр-жай палатасынын мүчѳсү.
Палата 50дѳн ашуун чет мамлекеттеринин Палаталары менен кызматташуу жѳнүндѳ узак мѳѳнѳттүү келишим түзгѳн. Бул келишимдердин негизин маалымат жана коммерциялык сунуштар менен алмашуу, ишкерлердин ѳз ара байланыштарын түзүүгѳ кѳмѳктѳшүү, ишкерлер делегациялары менен алмашуу, эл аралык кѳргѳзмѳ-жарманкелерди уюштуруу жана башка иш-аракеттер түзѳт.
Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында Палатанын расмий ѳкүлчүлүктѳрү иш алып барышат, бул жагдай өлкөнүн баардык аймактарындагы ишкерлерге зарыл кызматтарды өз убагында көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы ар дайым кызматташууга ачык.
Палатанын максаттары:
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын ишмердүүлүгү мамлекеттин экономикасынын ѳнүгүүсүнѳ, анын дүйнѳлүк экономикалык системасына интеграциялоосуна, соода-сатык мамилелеринин заманбап инфратүзүмүн калыптанышына, тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн
жагымдуу шарттарды түзүүгѳ, товарлардын жана кызматтардын экспорттолуусуна, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарынын ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшүүгѳ багытталган.
“КР Соода-ѳнѳр жай палатасы жѳнүндѳгү” мыйзамга ылайык Палата тѳмѳндѳгү маселелерди чечүү багытында иш алып барат:
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттеринин жеке жана юридикалык жактарынын эл аралык соода, ѳнѳр-жай жана интеллектуалдык менчик тармактарында кызыкчылыктарынын жана укуктарынын корголушу боюнча;
- Кыргыз Республикасынан товарларды жана кызматтарды экспорттоонун ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшүү, ишканаларга жана уюмдарга тышкы рыноктордо иш-аракеттерди жүргүзүүдѳ жана кызматташуунун жаңы формаларын ѳздѳштүрүүдѳ практикалык жардам кѳрсѳтүүдѳ;
- Чет ѳлкѳлүк делегацияларды, ишкер чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрүн кабыл алат, ѳнѳктѳштѳрдү издѳѳдѳ жана байланыштарды түзүүдѳ кѳмѳктѳшѳт, эл аралык соода, финансылык жана башка экономикалык уюмдарда Палатанын мүчѳлѳрүнүн ѳкүлү катары чыгат;
- Ишкерлердин жана эмгек жамаатынын ортосундагы жаңжалдуу кырдаалдардын жѳнгѳ салынуусуна кѳмѳктѳшѳт;
- Чет мамлекеттердеги Соода палаталары жана башка ушул сыяктуу уюмдар менен байланыштары жана макулдашууларды түзѳт, экономикалык жана соода миссияларын жана делегацияларын уюштурат;
- Кыргыз Республикасында эл аралык жана чет мамлекеттик кѳргѳзмѳ-жарманкелерди, фирмалардын жана уюмдардын бетачаарын уюштурат, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги кѳргѳзмѳлѳргѳ катышуусун жана ѳткѳрүүсүн камсыздайт;
- Ишкерчилик субъектилеринин бири бири менен, мамлекеттик органдар жана социалдык ѳнѳктѳштѳр менен кызматташуусун уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын ишканалардын жана уюмдарынын мамлекеттик эмес ишенимдүү ѳнѳктѳштѳр Реестрин жүргүзѳт;
- Ишкерлик жана тышкы-экономикалык ишмердүүлүк маселелери боюнча маалыматтык-кеңеш берүү кызматын кѳрсѳтѳт;
- Чет мамлекеттик фирмалардын жана уюмдардын коммерциялык ишмердүүлүгү жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарды кѳрсѳтѳт.
- Товарлардын пайда болуусу жѳнүндѳгү сертификаттарды күбѳлѳйт жана тышкы соода бүтүмдѳрүнүн жана Кырыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин шарттарына ылайык, Кыргыз Республикасында кабыл алынган соода жана порттук ченемдерге ылайык товарларды жана кызматтарды экспорттоо-импорттоого байланышкан документтерди тариздейт, жана форс-мажордук жагдайларды тастыктаган корутунду берет;
- Кыргыз Республикасынын ишкерлери менен чет мамлекеттик ѳнѳктѳштѳрдүн мамилелеринде ортомчулук функциясын аткарат;
- Кыргыз жана чет элдик юридикалык жана жеке жактардын тапшырмасы менен товарлардын сапаты, саны жана комплекттүүлүгүн кѳзѳмѳлдѳйт;
- Ишкерликти жүргүзүү багытындагы окутуучу семинарларды, такшалмаларды Кыргызстанда жана чет ѳлкѳлѳрдѳ уюштурат, чет тилдерден которуу кызматын кѳрсѳтѳт;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттик ишкерлер үчүн кѳргѳзѳмѳлүк экспозициялырда жасалгалайт, товардык белгилерди, фирмалык стильди, ѳнѳр-жай товарларын, ѳнѳр-жай үлгүлѳрүн жана башка дизайндык чечимдерди иштеп чыгат.