биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » ШКУнун Биринчи ишкер айымдар конференциясында “Ала Тоо Сүт” компаниясы 1 млн. долларга келишим түздү


ШКУнун Биринчи ишкер айымдар конференциясында “Ала Тоо Сүт” компаниясы 1 млн. долларга келишим түздү
______________________________

 

Иш-чара 2022-ж. 18-19 августунда Ташкент шаарында өттү.

Ага КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Кеңешинин мүчөсү Асель Атабекова, өлкөнүн ишкер айымдары, анын ичинде “Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун өкүлдөрү ж.б. катышты.

 

Шанхай кызматташттыгы уюмунун конференциясынын алкагында салттуу В2В-жолугушуулар өтүп, жыйынтыгы менен төмөнкү документтерге кол коюлду:
  • Кыргызстан жана Өзбекстан ишкер айымдары ортосунда Кызматташуу боюнча келишим;
  • "Ала Тоо Сүт" а/ч кооперативи тарабынан сүт азыктарын экспорттоого 1 млн.долларга келишим;
  • Эки өлкөлөрдүн консалтинг-юридикалык жана аудитордук компаниялары ортосунда Кызматташуу боюнча келишим;
  • Борбордук Азиянын аялдар лигасы” коомдук фонду менен Өзбекстандын Ишкер айымдары клубу ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

 

Кошучаласак, конференциянын максаты – аялдар бизнесин бириктирип, тышкы экономикалык байланыштарды жана тараптар ортосунда пайдалуу кызмтаташууну жөнгө салуу үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү болуп эсептелет.
 

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу