биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн Оренбургдан жеке ишкерлердин Кыргызстанга болгон бизнес-сапары башталды


Бүгүн, 2022-ж. 17-августунда Оренбургдан жеке ишкерлердин Кыргызстанга болгон бизнес-сапары башталды
___________________

Анын алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасында россиялык компаниялардын өкүлдөрү менен ата мекендик ишкерлердин В2В-жолугушууларды өттү.


 

Жалпысынан сүйлөшүүлөргө 15ке жакын компаниялар катышты. Алар колбаса азыктарын жана жарым фабрикаттарды, дан жана май өсүмдүктөрүн өндүрүү, ортопедиялык каражаттарды жасоо ж.б. тармактардан болот.


 

Россиялык компаниялар соода-экономикалык байланыштарды жөнгө салып, жаңы өнөктөштөрдү табууга, анын ичинде сырье сатып алууга кызыктар.


 

Кошумчалсак, Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле эртең жана бүрсүгүнү делегацияны Чүй жана Бишкектин өндүрүштөрүнө жана компанияларына тааныштыруу үчүн алып барат.


 

Үч күндүк миссия 19-августта соңуна чыгат.


Бардык маалыматтарга кайрылуу