биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстан жана Башкортостандын Соода-өнөр жай палаталары ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилди


Кыргызстан жана Башкортостандын Соода-өнөр жай палаталары ортосунда Кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилди
____________________

 

Мындан тышкары, россиялык жана кыргызстандык компаниялар ортосунда эки келишим түзүлдү. Кол коюу аземдери КРнын Соода-өнөр жай палатасы 2022-ж. 3-августунда Бишкекте уюштурган бизнес-форумдун алкагында өттү.  
 
Иш-чарага КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Башкортостандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Тимур Хакимов, “Татарстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы” бирикмесинин төрагасынын орун басары Марат Ахматов, КРнын Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардинова, ошондой эле үч өлкөдөн 50дөн ашуун компаниялардан 70ке чукул жеке ишкерлери катышты.

 
 
Э. Байсалов, россиялык тараптын бизнес-миссиясын уюштурууда КРнын СӨПнүн ролун белгилеп, үч республикасынын тарыхый байланышы тууралуу айтып кетти. Мындан тышкары, инвестицияларга ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөргө токтолду.
 
Өз кезегинде КРнын СӨПнүн президенти М. Шаршекеев буга чейин чет элдик инвесторлор Кыргызстанга акча салмак турсун, өлкөдө бизнес жүргүзүүгө кооптонуп келгенин эске салды. Бирок бүгүнкү күндө алар кырдаал өзгөргөнүн байкап жатышат:
 
“Мына бүгүн (бизнес-миссиянын) үчүнчү күн жана сиздер Кыргызстанда иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин сезип жатсаңыздар керек. Кыргызстандын мыйзамдарына ишенип, инвесторлор коргоосуз калбай турганына (көзүңөр жетип турса керек)”, - деди М. Шаршекеев.  

 
 
Башкортостандын СӨПнүн башчысы Тимур Хакимовд,ун айтымында, акыркы эки күндө жүз миллиондогон долларга өнөр-жай долбоорлор талкууланды:  
“Биз инвестициялар боюнча Россияда лидерлердин бирибиз жана кур кол келген жокпуз. Биздин да сиздерге сунуштарыбыз бар”, - деди ал кыргыз тарапка.


 
 
Расмий бөлүктүн акырында Башкортостан жана Татарстандын компаниялары презентацияларын тартуулап, андан соң Кыргызстандын жана  Башкортостандын СӨПтөрү ортосунда Кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюлду. Мындан тышкары, “СтандартПродМаш” менен “Туура Булак” жана “Sky Industrial Group» менен «МТК» (РФна лифттин жабдууларын жеткирүү боюнча) ортосунда келишимдер түзүлдү.

 

 
 
Андан соң В2В-жолугушуулар өтүп, жеке ишкерлер кызматташуу жолдорун кененирээк талкуулай алды.

 

 
 
Эске салсак, Татарстандын СӨПнүн жетекчиси Шамиль Агеев жана Башкортостандын СӨПнүн жетекчиси Тимур Хакимов баш болгон бизнес-миссия 1-8 августта өтөт. КРнын Соода-өнөр жай палатасы, ошондой эле, Чүй облусунун ишканаларына бизнес-жолугушууларды уюштурат. Андан соң делегация Ысык-Көл облусуна жөнөп кетип, жергиликтүү жана Ош регионунан жеке ишкерлер менен жолугат.

   


 


Бардык маалыматтарга кайрылуу