биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык жеке ишкерлерди Германияга стажировкага жөнөтүүгө даярдап жатат


КРнын Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык жеке ишкерлерди Германияга стажировкага жөнөтүүгө даярдап жатат
________________

Бүгүн, 2022-ж. 15-июлунда КРнын СӨПда “Fit for partnership with Germany” программасынын алкагында ишкерлердин экинчи тобу үчүн даярдоочу тренингдер өтүүдө.

 

 

Долбоордун немистик тараптан өкүлдөрү үч күн ичинде ишкерлерди Германиянын экономикасы менен тааныштырып, маданий аралык баарлашууга, презентация жасоого жана Европада потенциалдуу өнөктөштөрдү издөөгө үйрөтүп жатышат. Мындан тышкары, чакырылган ата мекендик тренерлер стратегиялык бизнес-пландоого, өнөктөштүк маркетингине окутса, программанын мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөрү Германияда алган тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

 

 

Жалпысынан, быйыл стажировкага тандоодон 53 адам өткөн жана алар 3 топко бөлүштүрүлдү. Катышуучулардын биринчи агымы быйыл октябрда учуп кетет. Кошумчалай кетсек, айым-ишкерлер үчүн үчүнчү топко тандоо сентябрда уланат. Толук маалыматты managerprogrammkg@gmail.com почта дарегине же КРнын СӨПнүн Бизнес-билим берүү борборунун Инстаграмдагы @trainingccikg аккаунтуна жазып алса болот.

Программа өзү 8 жуманы түзөт дагы, анын алты жумасы онлайн окууга арналса, эки жумасы Германиянын Берлин, Целле сыяктуу шаарларында стажировкага бөлүнгөн.  
Чыгымдардын 90% немистик тарап өз мойнуна алат, катышуучулар болгон авиабилетти жана даярдоочу тренингдерди төлөшү керек. КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнө 20% арзандатуулар каралган.

 

Белгилеп кетсек, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын линиясы менен 2015-жылдан тарта бул программа ишке ашырылып жаткандан бери 300дөн ашуун ишкерлер Германияга барып келишти. Алар дистрибьюцияны жөнгө салып, жабдууларды ыңгайлуу шартта сатып алып, Европада өнөктөштөрдү табууда. Мисалы, компаниялардын бири учурда Германиянын ири соода тармактарына кара өрүктү экспорттоодо.

Бардык маалыматтарга кайрылуу