Башкы бет » Палатага мүчѳ болуу » Палатага мүчѳ болуунун артыкчылыктары
Палатага мүчѳ болуунун артыкчылыктары
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы ѳлкѳ аймагындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана ишканалар, жеке ишкерлер менен ийгиликтүү иш алып барган эффективдүү жана абройлуу түзүм болуп саналат.
Палатанын негизин анын күндѳн-күнгѳ кеңейип жаткан мүчѳ базасы түзѳт. Палатанын мучѳлѳрү булар чакан, орто жана ири ишканалар жана компаниялар, жеке ишкерлер, ошондой эле алдыңкы бизнес-бирикмелери. Учурда Палатанын 850 мүчѳсү бар.
Палатанын мүчѳлѳрү тѳмѳндѳгүдѳй артыкчылыктарга ээ болот:
- Палатанын мүчѳлѳрүнүн жалпы жыйынында ѳздѳрүнүн ишканасынын, бирикмесинин, уюмунун ѳкүлү катары таламдарын кѳрсѳтүүгѳ;
- Палатанын жетектѳѳчү органдарына шайланууга жана добуш берүүгѳ;
- Палатанын жетектѳѳчү органдарынын кароосуна Палатанын иш-чарасы жѳнүндѳ сунуштарды киргизүүгѳ;
- Палатанын ишмердүүлүгүнѳ караштуу маселелер боюнча кѳмѳк алууга;
- Ишкананын фирмалык бланкында «Соода-ѳнѳр жай палатасынын мүчѳсү» деген белгини коюуга;
- Палата мүчѳлѳрүнүн корпоративдик ѳз ара жеңилдетүү системасына кошулууга;
- Мүчѳ акысынын эсебинен Палатанын тѳмѳндѳгү кызматтары менен биринчи кезекте колдонууга (арыз аркылуу);
- Палатанын дарегине келип түшкѳн чет мамлекеттердеги ишканалардын жана ишкерлердин коммерциялык жана башка кызматташуу сунуштарын алууга, Палатанын жыйнагындагы жана компьютердик базасындагы болгон маалыматтык жана башка адабият менен камсыз болууга;
- Бизнес чѳйрѳсүнѳ тиешелүү конференцияларга, семинарларга жана кѳргѳзмѳ -жарманкелерге катышуу жана ѳткѳрүү маселелери боюнча маалымат жана кеңеш алууга;
- Палатанын алдында уюшулган коомдук түзүмдѳргѳ – комиссиялардын, иш топторунун, комитеттердин ишине катышууга;
- Билим алуу программаларына, ошондой эле эл аралык такшалмаларга (стажировка) катышууга;
- Кыргызстанда Палата уюштурган кѳргѳзмѳ-жарманкелерение катышууга;
- Ишкана, ѳндүрүм жана кызматтар жѳнүндѳ маалыматты Палатанын сайтында (www.cci.kg), жана Палатанын маалымат такчаларында жайгаштырууга, Палата уюштурган иш-чараларында ишкана тууралуу маалымат таркатууга, ошондой эле мүчѳлѳрдүн коммерциялык сунуштарын Палатанын маалымат базасы (9000-10000 чарба субъектилери) аркылуу таркатууга;
- Палатанын «Деловые Вести» журналын алууга, жана Палатанын басылмаларына ишкана тууралуу жалпы маалымат жана кызтматташуу боюнча сунуштарын жарыялоого;
- Тышкы-экономикалык ишмердүүлүк маселелери боюнча оозеки маалымат алууга (чет мамлекеттик ѳнѳктѳштѳр менен байланыш түзүү тартиби, ѳндүрүмдү экспорттоо, тышкы соода жүргүзүүдѳ чарбалык талаш-тартыштарды териштирүүнүн жол-жоболору, чет элдик фирмалардын ѳкүлчүлүктѳрүн ачуу, чет ѳлкѳлүк соода палаталарынын жана уюмдарынын даректерин алуу жана тажрыйбасы менен таанышуу);
Палатанын мүчѳлѳрү тѳмѳндѳгү маселелер боюнча кеңеш алууга укуктары бар:
- Жеке ишкерди жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү, уюштуруу-укуктук таризин тандоо маселелери боюнча;
- Товарларды ѳткѳрүп алууда саны жана сапаты маселелери, ѳндүрүмдүн түшүүсүндѳ ченемдик документтерди колдонуу, товардын пайда болгонун күбѳлѳгѳн сертификатты толтуруу маселелери боюна;
- Ѳндүрүмдү жана кызматтарды сертификациялоо суроолору боюнча алдын ала кеңеш алууга;
- Кѳргѳзмѳ-жарманкелерге катышуу боюнча;
- Фандрайзинг боюнча.
Палатанын кызматтары менен биринчи кезекте Палатанын мүчѳлѳрү жеңилдетилген шарттарда пайдалана алышат. Палатанын мүчѳлѳрүнѳ Палатанын Президиуму бекиткен кызматтар тизмегинин баарына 10-20% жеңилдетүү берилет.
Палата ишкананын беделин жакшыртууга, чарбалык ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатууга, финансылык пайда алууга, экономикалык коопсузду камсыз кылууда жана бизнести бекемдѳѳдѳ, ѳнүгүү максатында байланыштарды бекемдѳѳгѳ жана ѳркүндѳтүүгѳ, заманбап маалымат-жарнамалык булактарды колдонууда кѳмѳктѳшѳт.
Палатанын мүчѳсү деп каттоого алууда Палатанын мүчѳлүгүн тастыктаган күбѳлүк үч тилде (кыргыз, орус, англис) берилет. Бул документ сиздин ишкананын ишенимдүү бизнес-ѳнѳктѳш катары беделин тастыктайт. Дүйнѳ жүзү боюнча кѳпчүлүк мамлекеттерде, Евробирикме мамлекеттеринин кѳпчүлүгүндѳ Палатага мүчѳ болуу милдеттүү түрдѳ каралган.
Соода ѳнѳктѳштѳрүңүздүн, же чет ѳлкѳлүк элчиликтердин талабы боюнча Палатанын мүчѳсү деген күбѳлүктүн күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳсүнѳн тышкары рекомендация кылуучу кат берилет. Мындай документтер Сиздин ишкана жѳнүндѳ маалыматты чет мамлекеттик контрагенттердин сурамжылоосу менен, Сиздин кызматкерлерге же Сиздин чет ѳлкѳлүк ѳнѳктѳштѳрүңүздүн кызматкерлерине бизнес-визаларды ачуу үчүн талап кылынат.
Палатага мүчѳ болуу жѳнүндѳ суроолорго жоопту тѳмѳндѳгү телефондор менен ала аласыздар: 0312 61-38-76