Башкы бет » Палатага мүчѳ болуу » Палатага мүчѳ болуу ишканаларга жана ишкерлерге эмне берет?
Палатага мүчѳ болуу ишканаларга жана ишкерлерге эмне берет?
Палатага мүчѳ болуу ишканаларга жана ишкерлерге эмне берет?
- Бизнес-коомчулугунун, бийликтин алдына олуттуу кѳйгѳйлѳрдү коюуга жана аларды чечүүнүн эффективдүү жолдорун издѳѳгѳ катышуу;
- Мамлекеттин жана аймактын экономикалык саясатына, ишкерликти жүргүзүүдѳгү административдик бѳгѳттѳрдү жоюуга, ишкерлик жана инвестициялык климатты жакшыртууга ѳз таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгү;
- Палатанын алдында иш алып барган экономиканын негизги тармактарындагы кѳйгѳйлѳрдү чечүүгѳ, ишкерлердин кызыкчылыктарын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтер деңгээлинде сурмѳлѳѳгѳ (лоббирование), ишкерликтин ѳнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгѳ багытталган Комитеттердин отурумдарына катышуу;
- Палатанын жардамы аркылуу чет мамлекеттик ишкерлер менен инвестициялык жана гуманитардык ѳнѳктѳштүк байланыштарды түзүүгѳ, Палатага чет мамлекеттерден үзгүлтүксүз келип турган бизнес-долбоорлору боюнча сунуштар менен таанышууга, ѳзүңүздѳрдүн сунушуңуздарды Палата кызматташкан эл аралык, аймактык жана улуттук ишканалар биримдиктерине жѳнѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк алууга;
- Мыйзам жаратуу процессинен маалымат алуу мүмкүндүгү, Палатанын беделин бизнес чѳйрѳсүнүн кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик-укуктук актыларында сүрмѳлѳѳдѳ колдонууга мүмкүнчүлүк. Мыйзам долбоорлорун экспертизалоо жана колдонуудагы мыйзамдарга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү сунуштарын дайындоого катышууга мүмкүндүк;
- Бизнести жүгүзүү жана ѳнүктүрүү багытында окутуучу семинарларга, такшалмаларга катышууга, ишенимдүү ѳнѳктѳштѳрдү издѳѳгѳ мүмкүндүк. Бизнестин актуалдуу кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ пикирлештер менен болгон байланыштарды кеңейтүү жана башка ишкерлер бирикмелеринин потенциалын колдонууга мүмкүндүк;
- Чет мамлекеттик ѳнѳктѳштѳр менен байланыш жана кызматташууну түзүүгѳ жаңы мүмкүнчүлүк;
- Бизнести ѳнүктүрүү үчүн жана бизнес-долбоорлорду эффективдүү ишке ашыруу жана кеңири мүмкүнчүлүктѳрдү жана сунуштарды колдонуу;
- Ишкананын беделин кѳтѳрүүгѳ мүмкүндүк;
- Келечекте профессионалдуу адистерди дайындоо максатында жумуш менен камсыздоочулардын жана окуу жайлардын ортосунда түз байланышты түзүүгѳ. Жумуш менен камсыздоочулардын бүтүрүүчүлѳрдү окутуу, сынактан ѳткѳрүү жана сертификациялоо процессине катышууга мүмкүндүк;
- Товарларды жана кызматтарды атамекендик жана чет мамлекеттик рыноктордо илгерилетүү;
- Продукциянын сапаты, келечектеги ѳнѳктѳштѳрдүн ишенимдүүлүгүнѳ байланышкан маселереди, продукциянын сапатын экспертиза жана сертификациялоо кызматтары менен колдонуу мүмкүнчүлүгү.