биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » «Кыргызстан» Эл аралык универсалдуу кѳргѳзмѳ-жарманке

«Кыргызстан» Эл аралык универсалдуу кѳргѳзмѳ-жарманке


КѲРГѲЗМѲ ТУУРАЛУУ: «Кыргызстан» кѳргѳзмѳсү – эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чара катары кѳп чет ѳлкѳлѳрүнүн ишкерлер чѳйрѳлѳрүнѳ таанымал. Кѳргѳзмѳнүн жүрүшүндѳ Кыргызстан, Казакстан, Ѳзбекстан, Азербайжан, Түркмѳнстан, Россия жана башка жакынкы жана алыскы ѳлкѳлѳрдѳн катышуучулардын жана он миңден ашуун кѳрүүчүлѳрдүн келүүсү күтүлѳт.
Ѳткѳрүлүүчү датасы: 2015-жылдын 23-27-апрели
Негизделген датасы: 1998-жыл.
Ѳткѳрүлүүчү мезгили: жыл сайын.
Жалпы аянты: 1100 чарчы метр. 
Кѳргѳзмѳнүн уюштуруучулары:  КРнын Ѳкмѳтү, КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасы
Ѳткѳрүлүүчү жайы: Кыргызстан, Бишкек ш., К.у. Кожомкул атындагы Спорт ордосу


КѲРГѲЗМѲНҮН НЕГИЗГИ БѲЛҮКТѲРҮ: 
  • Туризм жана саякаттоо;
  • Азык-түлүк жана айыл-чарба ѳндүрүмү;
  • Жуучу жана тазалоочу каражаттар, химиялык тазалоо жана кир жуучу жайлар үчүн жабдуулар;
  • Парфюмердик-косметикалык заттар;
  • Машина куруу, кам тетиктер жана жабдуулар;
  • Маалымат технологиялары жана телекоммуникация;
  • Үй-тиричилик техникасы, эмерек жана интерьер;    
  • Коопсуздук, куткаруучу каражаттар жана ѳрткѳ каршы коргоочу каражаттар;
  • Таңгак, идиш, энбелги жана полиграфия;
  • Тоо кен казуу ѳнѳр-жайы;
  • Химиялык ѳнѳр-жай;
  • Коммуналдык техника;
  • Транспорт жана логистика;
  • Банк технологиялары, жабдуулар жана кызматтар;
  • Кыймылсыз мүлк жана инвестициялар;
  • Жеңил ѳнѳр-жай.

КѲРГѲЗМѲНҮН АТАЙЫН ИШ-ЧАРАЛАРЫ:
- Кѳргѳзмѳ катышуучулары үчүн «Стенддин жакшы кооздому» сынагы
- Кѳргѳзмѳнүн сынагынын «Алтын медалы»
- Кесиптик семинарлар, мастер класстар, презентациялар


КАТЫШУУЧУЛАР
«Кыргызстан» кѳргѳзмѳсүнѳ катышуу эл аралык жана жергиликтүү ишканаларга ѳнүгүп жаткан рынокто ѳзүнүн ордун ээлѳѳгѳ жана потенциалдуу ѳнѳктѳштѳрдү табууга, кардарларга ѳз кызматтары жана ѳндүрүмдѳрү туурасында маалымат берүүгѳ толук мүмкүндүк ала алышат.

ѲЗҮҢҮЗДҮН ИШКАНАҢЫЗДЫ «КЫРГЫЗСТАН» КѲРГѲЗМѲCҮНДѲ КѲРСѲТҮҢҮЗ!!!
Кѳргѳзмѳгѳ катышуу боюнча суроолоруңуз болсо:
Палатанын «Кыргызэкспоборбор» департаментине кайрылыңыз.
Жооптуу кызматер: Елена Приведенцева
Кыргызстан, Бишкек ш., Киев кѳч. 107, 3-кабат «Кыргызэкспоцентр» иш бѳлмѳсү
Телефон: 61 01 20, 0 556 40 36 63

Email: expo@cci.kg