Башкы бет » Кыргыз Республикасы жѳнүндѳ » Кыска маалымат
Кыска маалымат
Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүгүн жарыялаган. Кѳз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчѳсү. 1998-жылдан баштап Дүйнѳлүк соода уюмунун мүчѳсү. 2015-жылы Бажы Биримдигинин/Евразиялык экономикалык биримдигинин мүчѳсү. Тилдери – кыргыз тили – мамлекеттик, орус тили – расмий.
Географиялык абалы:
Кыргыз Республикасы Борбор Азия аймагынын түндүк-чыгыш бѳлүгүндѳ жайгашкан. Жалпы аянты 199,9 миң квадрат чакырым (5,8% - токойлор, 4,4% - суулар, 53,3% - айыл чарба жерлери, 36,5% - башка жерлер). 90% жакын аянты деңиздин деңгээлинен 1500 м. өйдө жайгашкан.
Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 5,8 млн. адамды түзѳт (2015-ж. кѳрсѳткүчтѳрү). Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт.
Борбору - Бишкек (860,7 миң адам). Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).
Кыргызстан 7 администрациялык аймактан турат – Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу жана Баткен облусу. Облустук борборлор - Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.
Валютасы- кыргыз сому (KGS, код 417)
Интернет-домени - .kg
Телефондук коду - +996
Саат поясы - UTC +6