биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Кыргыз Республикасы жѳнүндѳ » Чет ѳлкѳлѳргѳ чыга турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн рекомендациялар

Чет ѳлкѳлѳргѳ чыга турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн рекомендациялар


Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуунун алдында, жолго керектелүүчү тийиштүү документтерин текшерүү абзел.

1. Эгерде паспорт жаңы болсо, анда паспортто бардык негизги маалыматтын (Аты-жөнү, туулган жылы, жынысы, паспортун мөөнөтү) туура жазылгандыгын кылдат текшерүү зарыл. Паспортто так жана бөлөк жазуулар бузулбаган болушу керек. Чет өлкөдө жүргөн мезгилде паспортту дайыма жанында алып жүрүү зарыл жана таныбаган кишиге, башка бирөөгө сактоого жана күрөөгө коюуга болбойт.

2. Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Беларусь, Казакстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Вьетнам, КЭДР, Куба, Малайзия (90 күнгө чейин), Түркия (90 күнгө чейин), Украина (90 күнгө чейин), Монголия (90 күнгө чейин) сыяктуу өлкөлөр менен Кыргыз Республикасы визасыз түрдө иш алып барат, бирок башка бардык өлкөлөр менен визалык режим түрүндө ишин жүргүзөт.
Визалык режим түзүлгөн өлкөгө кирүү үчүн ошол өлкөнүн консулдук мекелеринде кирүү визасын алгандан кийин гана мүмкүн.

3. Эгер Сиз бара турган өлкөгө медициналык камсыз кылуу күбөлүгү керектелсе, анда аталган күбөлүктү туура таризделишине өзгөчө көңүл буруңуз. Ошондой эле, Сиз текшерилген агентикке кайрылыңыз, аталган камсыз кылуу күбөлүгү Сиз жөнөгөн өлкөдө кандай медициналык кызматты камсыз кылуу көбөлүгүндө милдеттенгенин тактап жана төлөө жолун тактап алыңыз. Медициналык камсыз кылуу күбөлүгүн тариздөөгө шалаакы мамиле кылбаңыз, себеби чет мамлекетте ооруга учураганда, кырсык туш келгенде же сөөктү Кыргызстанга жеткирүү учурунда чоң чыгашаларга дуушар болуу мүмкүн.

4. Жолго чыгуунун алдында жеке жүк ташуу (багаж) тартиби менен таанышып алыңыз, Сиз жөнөгөн өлкөгө кандай жеке жүк менен кирүүгө уруксат берилгени боюнча таанышуу абзел.
Көптөгөн өлкөлөрдө куралдын бардык түрүн киргизүү/чыгарууга жана имитацияга, жарылгыч заттарды, жасалма баалуу казадарды жана жасалма акчаны, уятсыз (порнография) элементтерди камтыган өндүрүштү, уу заттарды, каттуу таасир этүүчү жана ууландыруучу заттарды, бангизаттар, кооптуу бактериялар, зыянкеч курт-кумурскалар, түрдү жаныбарлар, өсүмдүктөр, продуктылар, эпидемия аймагындагы дарылар эгер алар адамдардын жана жаныбарлардын кооптуу саналган жогоруда аталган бардык нерселерге тыю салынган.

5. Эгер Сиз келген өлкөнүн коопсуздук органдары, башка кишилер тарабынан коркунуч келсе, жол-унаа кырсыгы ж.у.с. күтүлбөгөн окуялар болсо дароо ошол өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кабарлаңыз. Мындан сырткары ар кандай протокол жана башка чет тилдеги документтерге ошол өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемесинин консулдук бөлүмүнүн кызматкери болбогон учурда кол койбоңуз.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин маалыматы боюнча http://mfa.gov.kg/contents/view/id/223