биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонуна Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдалла бен Тоук Аль Марри баш болгон делегация келип кетти


Expo-2020 көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонуна Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдалла бен Тоук Аль Марри баш болгон делегация келип кетти
_________________________________________

БАЭнин өкмөт мүчөлөрү ушул күндөрү дүйнөлүк көргөзмөнүн өлкө-катышуучуларынын павильондоруна келип, экспонаттары менен таанышууда. 

Бүгүн, 12-январда БАЭнин өкмөт мүчөсү жана экономика министри Абдалла бен Тоук Аль Марри Кыргыз Республикасынын павильонун көрүп кетти. Меймандарга экспозицияны КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Э. Батаева тааныштырды.

               

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленип кеткендей, Кыргызстан үчүн мындай масштабдуу иш-чага катышуу -  дүйнөлүк коомчулукка өзүнүн маданиятын, тарыхын жана туристтик, экономикалык потенциалын көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Павильон экспонаттардын маданий маанисин гана чагылдырбастан, алар тууралуу тереңирээк маалымат берет жана конокторго Кыргызстан менен жакындан таанышууга шарт түзөт.

Павильонду кароо учурунда экономика министри БАЭнин Кыргызстан менен андан аркы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкчылыкты билдирди. Анын ичинде, БАЭнин экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн 2017-жылдагы Кыргызстанга болгон сапары жемиштүү окуялардын бири катары мүнөздөлдү. Мындан тышкары, 2021-жылдын 14-декабрында Expo-2020нын алкагында Кыргызстан Улуттук күнүндө расмий делегациянын келиши тыгыз кызматташуунун башаты катары бааланды. 

Павильондо коюлган продукция менен таанышкан соң, министр Кыргызстан БАЭнин рыногуна өз товарларын жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилеп өттү. Делегацияда өзгөчө кызыгууну бал прдукциясы жаратты.

               

Министр кыргыз балы жана анын мыкты сапаттары тууралуу маалыматы бар экенин кошумчалап, бул продукция БАЭде татыктуу орунга ээ болоруна үмүт артты.
Эске салсак, Кыргызстанда Кыргыз-Эмират Ишкердүүлүк Кеңешин түзүү пландалууда. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасы жана БАЭнин Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясы ортосунда бекитилген Өз ара түшүнүшүү Меморандумунда айтылат.

Бардык маалыматтарга кайрылуу