биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргызстанда Кыргыз-Эмират Ишкерлер Кеңешин түзүү пландалууда


Кыргызстанда Кыргыз-Эмират Ишкерлер Кеңешин түзүү пландалууда
___________________________

 

10-январда Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Башкармалыгынын Төрагасы, Абу-Даби Соода-өнөр жай Палатасынын Төрагасы Абдулах Мохамед Аль Мазруи менен жолугушту. Иш-чарага, ошондой эле, КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Э.Батаева катышты.
 


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр Федерациясынын ортосунда Кыргыз-Эмират Ишкерлер Кеңешин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу боюнча маселелер каралды.

 
Ошондой эле эки мамлекеттин ишкерлер чөйрөлөрүнүн катышуусундагы өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Бардык маалыматтарга кайрылуу