биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Нарын облусунда Экинчи ишкерчилик лагеринин окуулары соңуна чыкты


Нарын облусунда Экинчи ишкерчилик лагеринин окуулары соңуна чыкты
____________________________

Бизнес жүргүзүү боюнча курстар Нарын облустук китепкананын базасындагы Америка бурчунда уюштурулган. Окууну келекчектеги гана эмес, тажрыйбасы бар ишкерлер дагы өттү, деп маалымдайт КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Нарын облусундагы Өкүлчүлүгү.


 

Курстардын жыйынтыгы менен бүтүрүүчүлөр Ат-Башы районундагы бир катар ишканаларга барып келишти. Булар: ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эмгектенүүчү жүндү кайра иштетүү боюнча “Ак-Байрак” цехи жана пайдалуу касиеттери менен советтер союзунан бери таанымал, азыр да жогору суроо-талапка ээ болгон “Арашан” минералдык суусу, «Тамшан» сергитүүчү сүт суусундугу, «Алтын ачкыч» лимонады жана сүт азыктарын чыгарган цех.  Коноктор продукцияларды өндүрүүнүн технологиясы жана процесси менен таанышып чыгышты.


 

Курстарды ийгиликтүү аяктоо жөнүндө сертификаттарды КРнын СӨПнүн Нарын облусундагы өкүлү Б. Турсунбаев тапшырды. Мындан тышкары, «Арашан» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири С. Жолболдиевге Палатынын мүчөлүгү жөнүндө сертификат ыйгарылды.

Окуулар АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.  


Бардык маалыматтарга кайрылуу