биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү “Түштүк-ЭКСПО 2021” эл аралык универсалдуу көргөзмөсүн уюштурат


КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү “Түштүк-ЭКСПО 2021” эл аралык универсалдуу көргөзмөсүн уюштурат
____________________________________________________

Иш-чара түштүк борбордо 28-сентябрдан 30-сентябрга чейин С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драмтеатрында өтөт.

Көргөзмөнүн максаты – экономиканын ар кандай секторунан ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары менен тааныштыруу, потенциалдуу өнөктөштөр менен бизнес-байланыштарды жөнгө салуу жана кызыктырган тармактар боюнча эки тараптан пайдалуу келишимдерди түзүү болуп эсептелет.

Күтүлгөндөй, анын ичинде иш-чарага Индиянын КРдагы Толук Ыгайрымдуу  Элчиси Алок Амитабх Димри, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы А.А Рогов жана бийлик органдарынын, минстрлик, ведомстволордун өкулдөрү катышат.

Үч күндүк экспозициянын алкагында төмонкүлөр уюштурулат:
  1. Жогорку даражалуу чет элдик коноктордун, КРнын Президентинин региондордогу өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын презентациялары;
  2. “Региондордун интеграциясы жана өнүгүшү” аттуу бизнес-форум;
  3. Жеке ишкерлер ортосунда В2В жолугушуулар;
  4. Эл аралык туризм күнүнө арналган майрамдык программа, концерт
Кошумчаласак, “Түштүк ЭКСПО -2021” универсалдуу эл аралык көргөзмөсү 5-ирет өтөт.

Бардык маалыматтарга кайрылуу