биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » 14-15-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасы “Мамлекеттик – жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0. (Кыргызстан-Өзбекстан) регионалдык конференциясына катышат


14-15-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасы “Мамлекеттик – жеке менчик диалог. Ойгонуу 2.0. (Кыргызстан-Өзбекстан) регионалдык конференциясына катышат.

Иш-чара эртең Жалал-Абад шаарында башталып, бир аянтчага эки мамлекеттен эксперттерди, бийлик өкүлдөрүн, ишкерлерди, бизнес-ассоциацияларды чогултат. Меймандарга экономиканын белгилүү багыттары боюнча инвестициялоо мүмкүнчүлүгү, эксперттерден кеп-кеңештер жана насаатчылык, , ошондой эле, “BOOST” долбоорунун өнөктөштөрү сунуштаган Европа рынокторуна чыгуу жолдору боюнча толук маалымат берилет.

Конференциянын алкагында үч пленардык отурум уюштурулуп, спикерлер катары Люк Ван Ловерен, Юрген Малер, Анна Солтысик-Павлик жана  Кристиан Гессл сөз сүйлөшөт.

Мындан тышкары, 2 темада тегерек стөл өтөт:

1.“Нанай-Кербен” өткөрүү түйүнүн ачуу жана “Нанай-Кербен”эркин соода чектеш аймагын түзүү;

2.Коңшу мамлекеттер менен соода кылуу, чек аралык легалдуу бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана контрабанданы кыскартуу”.

Кошумча иретинде 3 практикалык семинар жана конференция катышуучуларынын продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулат.


Бардык маалыматтарга кайрылуу