биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » 10-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасы Баку ш. “Азербайжандын бошотулган аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүүдө түрк бизнес-коомчулугунун ролу” аттуу бизнес-форумга катышты


10-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасы Баку ш. “Азербайжандын бошотулган аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүүдө түрк бизнес-коомчулугунун ролу” аттуу бизнес-форумга катышты.
_____________________________________________________________________________

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кенешинин демилгеси алдында уюштурулган иш-чара Уюмдун экономика министрлеринин 10-жолугушуусунун алкагында кечээ өттү. Бул форумда Кыргызстанды, ошондой эле, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Б.М. Мухамедзиев тааныштырды.

Ал белгилеп кеткендей, аталган иш-чара уюмдун мүчө-мамлекеттери жана байкоочулары ортосунда узак мөөнөттүү, жемиштүү жана туруктуу өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт.  

“COVID-19 пландалган иш-чараларга, анын ичинде, экономикалык жаатта өзгөртүүлөрдү киргизди. Бирок бул кыйынчылыктарга карабай, өлкө-мүчөлөрдүн жетекчилиги ар бир мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү болгон бизнес-чөйрөгө ар тараптан колдоо көрсөтүүсүн улантууда”, - деди Б.М. Мухамедзиев.

Мындан тышкары, СӨПнын вице-президенти бизнес-форумдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, аталган иш-чара бардык багыттарда кызматташууга жаны дем берип, аракеттеги ишкердүүлүк байланыштарды өнүктүрүп, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кенейтүүгө түрткү болоруна ишеним артты.

Отурумдун жүрүшүндө кыргыз тараптын атынан КРнын экономика жана финансы министри А. Жапаров берген сунуштардын бири Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин инвестициялык фондунун Штаб-квартирасын ачуу болуп калды.

Кошумчаласак, бизнес-форумдун алкагында, ошондой эле, “Аю Холдингге” кирген улуттук суусундуктар жана табигый ашкана суусун өндүрүүчү “Артезиан” ЖЧКсын Түрк кенешинин Бизнес-премиясы менен сыйлоо аземи өттү. Женүүчүлөр ТТМК тарабынан Самбулда тандалган.





 


Бардык маалыматтарга кайрылуу