биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Индиялык бизнес-делегация Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Бишкектеги ири өнөр-жай ишканаларын көрүп келди


Индиялык бизнес-делегация Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чүй облусундагы ири өнөр-жай ишканаларын көрүп келди.
_____________________________________________________________


Анын ичинде, 9-сентябрда чет элдик меймандар КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү “Аю Холдингдин” бир катар компанияларынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

“Индиялык тараптын өндүрүш багыттары жана импорт/экспорт боюнча сунуштары кыргызстандык көп тармактуу компанияда кызыгуу жаратты”, - деп билдиришет холдингден.

Ишканалар боюнча экскурсия «Golden Drinks» заводунда соңуна чыгып, холдингдин жетекчилиги потенциалдуу өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча сүйлошүүлөрдү жүргузө алды.

“Тараптар алкоголдук жана туристтик тармактарда биргелешип иш жүргузүүнүн шарттарын предметтүү түрдө талкуулоого жетишип, жолугушуу натыйжалуу болду”, дешет “Аю Холдингден”.

Эске салсак, буга чейин 6-сентябрда КРнын Соода-өнөр жай палатасында Индиянын Экономикалык-соода уюмунун президенти Др. Асиф Икбал баштаган делегация менен кыргызстандык жеке ишкерлердин жолугушуусу өткөн.

Анын жыйынтыгы КРнын СӨПсы менен индиялык делегациянын ортосунда өз ара түшүнүшүу боюнча Меморандумга кол коюлган.


Бардык маалыматтарга кайрылуу