биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » “Артезиан” ЖЧКсы Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин сыйлыгына татыды.


“Артезиан” ЖЧКсы Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин сыйлыгына татыды.
__________________________________________

“Түрк кеңешинин  бизнес-премиясын” ыйгаруу аземи бүгүн, 10-сентябрда, Баку шаарында өтө турган Түрк Тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин (Түрк Кеңеши) экономика иштери боюнча министрлеринин 10-жолугушуусунун алкагында болот.

Белгилей кетсек, жалпысынан кадыр-барктуу сыйлыкка КРнын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлүгүнө кирген 40тан ашуун компаниялар ат салышкан. Алардын ичинен кыска тизмеге учөө тандалып, Түрк кеңешине жөнөтулгөн (Стамбул, Түркия).

Натыйжада талапкерлердин ишмердүулугүн изилдөөдөн соң, жеңиш улуттук суусундуктардын жана табигый ашкана суусунун өндүрүүчүсү “Артезиан” ЖЧКсына ыйгарылды.


КРнын СӨПсы өзүнүн мүчө-компаниясын эл аралык деңгээлде таанылышы менен чын жүрөктөн куттуктап, ата мекендик ишкерлерди эл аралык аренада алдыга жылдыруусун андан ары колдой турарын дагы бир ирет тастыктайт.


Бардык маалыматтарга кайрылуу