биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Германиядан эксперттердин жардамын акысыз пайдаланып калыңыз




Урматтуу Айымдар жана Мырзалар!

Биздин колдоо менен сиздин компаниянын өнүгүшүнө, процессттерди уюштурууда жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү издөөдө ыктыярдуу жана акысыз түрдө жардам бере турган Германиядан эң тажрыйбалуу эксперттерди чакырсаңыз болот!

КРнын Соода өнөр-жай палатасынын (КРнын СӨП) атынан Бизнес-окутуу борбору Кыргыз Республикасында немистик Улук эксперттер кызматынын (SES, Бонн) өкүлү болуп калды. Германиядагы коомдук-пайдалуу уюм өнөктөш-өлкөлөргө жардам көрсөтүү үчүн түзүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. 2017-жылы SES дүйнө боюнча ар кандай тармактардан 2210 эксперттерди жөнөткөн.

Биздин өнөктөштүк кыргыз компанияларга техника жана технологияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле коммерциялык жаатта колдоо көрсөтүүгө шарт түзөт. Мындай тармактарга агрардык өндүрүш, тамак-аш өнөр-жайы, энергетика, курулуш, жыгач жана темир иштетүү, коммуналдык чарба, саламаттыкты сактоо, туризм, кесиптик билим берүү, каржы ж.б. кирет. Немис эксперт сиздерде, адатта 3 жумадан 24 жумага чейин ыктыярчы катары иштейт.


Сиз ала турган артыкчылыктар:

  1. Сиздин бизнестин конкреттүү милдеттерин немистик тажрыйбанын негизинде чечүү;
  2. Сиздин ишкананын атаандыштыгын күчөтүү үчүн бир катар өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз;
  3. Чыгымдардын негизги бөлүгүн немистик тарап жана эксперттин өзү көтөрөт;
  4. SESтин колдоосу жок экспертти тартуудга салыштырмалуу үнөмдөлгөн акча 6500 евродон жогору болот;
  5. Сиздин командада бир нече жума бою ЕСтин эң эле экономикалык жактан өнүккөн өлкөсүнөн корпоративдик маданиятты алып жүргөн эксперт иштейт;
  6. Сиз Европа өлкөлөрүнөн коммерциялык байланыштарды кеңейтесиз;
  7. Эксперттик жардамдын аркасынан сиздин кызматкерлер алган шык-жөндөмдөр сиздин ишканада көпкө чейин калат;
  8. Көпчүлүк эксперттер долбоор аяктагандан кийин дагы өнөктөш-ишканалар менен иштөөсүн улантып, кайра келип-кетип турат;
  9. Тажрыйбалуу чет өлкөлүк адистерди тартуу менен Сиз өзүңүздүн компаниянын имиджин көтөрөсүз.

Немистик экспертти кантип чакыруу керек – дыкат инструкция:

1-кадам. Сиз арыздын формасын толтуруп, аны жүктөп койсоңуз болот. Өзгөчө көңүлдү чакыруунун максатына жана экспертти чакыруудан алгыңыз келген чыныгы натыйжаларга буруу керек. Анкетаны толтуруу сизди эч нерсеге мажбурлабайт. Суроолор жаралса, биздин консультанттарга кайрылыңыз.

2-кадам. Сиз анкетаны текшерүү үчүн аны бизге жөнөтөсүз. Биздин консультант сиз менен байланышып, арызыңызды өркүндөтүп, ийгиликке болгон мүмкүнчүлүгүңүздү өстүрүүгө кеп-кеңеш берет.

3-кадам. Биз арызды Боннго жөнөтөбүз жана Улук эксперттердин кызматы сиздин максаттарды ишке ашыруу үчүн эн ылайыктуу эксперттерди издейт.

4-кадам. Тиешелүү тармакта ылайыктуу эксперт табылса Сизге сунуш түшүп, аны кабыл алууга чечим чыгарасыз.

5-кадам. Сиз SES менен макулдашуу түзүп, жумуштун конкреттүү мөөнөтүн жана шарттарын пландайсыз. Ушул учурдан тарта сиз Германиядан экспертти кабыл алуу боюнча жоопкерчиликти өзүңүзгө аласыз.

6-кадам. Эксперт макулдашылган мөөнөттө Сизге келип, сизде иштеп, консультация берип, кызматкерлерди окутат. Сиз ага болгону анын жашаган жерин, тамактануусун жана жол киресин, айрым учурда зарыл болсо котормочуну камсыздап берсиз. Эгер муктаждык жаралса, эксперт кийин дагы келип, узак мөөнөттүү шартта жардам бериши мүмкүн.

7-кадам. Долбоордун акырында эксперттин натыйжалуулугунун баалоосу өтөт. Немис тараптын каржылык жана уюштуруучулук колдоосу менен аны менен кызматташууну улантууга болот.

 БУЛ КЫЗМАТ СИЗ ҮЧҮН АКЫСЫЗ!

Телефон чалыңыз – биздин консультанттар сизге долбоор тууралуу кененирээк айтып беришет.

Долбоорго катышуу боюнча бардык кызыктырган суроолорду СӨПнын Бизнес-окутуу борборуна чалып берсеңиз болот: + 996 (312) 90-15-20 же почта дарегине жазуу аркылууsesbishkek@gmail.com   

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу