биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Европага экспорт


Import Promotion Desk (IPD) – Германиянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү министрлиги тарабынан каржыланган долбоор немис импортерлорду өлкө-өнөктөштөрдөн ишенимдүү жеткирүүчүлө менен камсыздоого багытталган. Өкмөттүк программа ар кайсыл өлкөлөрдөн импорттук өндүрүмдөрдү Европа рыногуна жылдырууну көздөйт.

 IPD программасы Кыргызстанда 2014-жылдан тарта иштейт. GIZ программасы жана өнөктөш уюмдар менен кызматташтыкта IPDнин консультанттары Европа рыногуна чыгууга потенциалы бар Кыргызстанда 57 компанияларды кыдырган. Алардан 20дан ашык компаниялар эл аралык көргөзмөлөргө барып, потенциалдуу кардарлар менен байланыш түзүштү.

 Кыргызстанда IPD 2 өнөктөш уюмдар менен кызматташат:

  • Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасы – бизнести тааныштырган Кыргызстандагы эң ири бизнес-ассоциалардын бири катары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Инвестицияларды илгерилетүу жана коргоо боюнча агенттиги, экспортту жана инвестицияларды алдыга жылдыруу үчүн жооптуу өкмөттүк структура.

Кызматташуунун алкагында экспортко багытталган компанияларды тандоо боюнча биргелешкен жумуш жүргүзүлүп, алар эл аралык көргөзмөлөргө катышуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Бул Европа рыногу менен таанышууда жана Европа компаниялар менен байланыш түзүүдө алгачкы кадамдар. Негизги максат – Кыргызстандын кайра иштетилген тамак-аш өндүрүмдөрүнүн жана табигый ингредиенттеринин экспортун Европа өлкөлөрүнүн, анын ичинде Германиянын рыногуна кеңейтүү болуп эсептелет.

Долбоордун алкагында төмөнкү өндүрүмдөр Германия жана Европага экспорттоо үчүн жакшы потенциалы бар деп табылган:

  • Кургатылган мөм-жемиштер, өзгөчө өрүк (органикалык)
  • Мөмө-жемиштердин дандары
  • Кайра иштетилген жаңгактар
  • Аары мому
  • Кургатылган козу карын
  • Кургатылган даары чөптөр
  • Дан майы

Бардык маалыматтарга кайрылуу