биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Алмата шаарындагы “Атакент” көргөзмө комплексинде “FoodExpo Qazaqstan 2021” тамак-аш өнөр-жайы боюнча эл аралык көргөзмөсү өтөт


Урматтуу Айымдар жана Мырзалар!

ITECA казакстандык көргөзмө компаниясы 2021-жылдын 3-ноябрынан 5-ноябрына чейин Алмата шаарындагы “Атакент” көргөзмө комплексинде “FoodExpo Qazaqstan 2021” тамак-аш өнөр-жайы боюнча эл аралык көргөзмөсүн өткөрүп жатат.


Анын алкагында азык-түлүк жана суусундук жеткирүүчүлөрдүн (көргөзмөнүн катышуучуларынын гана) Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода тармактары жана алдыңкы дистрибьютерлери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, «FoodExpo Qazaqstan 2021дин эң мыкты азыгы» аттуу кесипкөйлөр арасында дегустаторлордун сынагы болот. Анын жыйынтыгы менен жеңүүчү көргөзмөнүн сапат белгисин – “Алтын медалды”  ээлеп, азыктын кутусунда аны жайгаштырууга укук алат.  

 «FoodExpo Qazaqstan 2021» менен бир аянтчада төмөнкү багыттар боюнча атайын көргөзмө өтөт:

-айыл-чарба –Agro World Qazaqstan (www.agroworld.kz);

- куту, таңгак, этикетка – QazPack (www.qazpack.kz);

-муздаткыч жабдуулар, муздаткыч кампа жана муздак логистика - ColdChain Qazaqstan  (www.coldchain.kz);

- ресторан-мейманкана бизнеси үчүн жабдуулар, өндүрүм – HoRexQazaqstan (www.horexexpo.kz).

Көргөзмө боюнча кененирээк маалымат алуу үчүң компаниянын жооптуу кызматкерлери менен электрондук почта аркылуу байланышсаңыздар болотalena@iteca.kzliza.urazova@iteca.kz же What App: +7 (701) 72-15-410, +7(701) 84-46-262.

Катышууга арызды таштоо жана павильондордун планын кароо үчүн сайтка кириңиз: https://foodexpo.kz/ru/

 


Бардык маалыматтарга кайрылуу