биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » 25-28-ноябрда Стамбулда “Ислам Кызматташтыгы Уюмунун VIII Halal Ехро көргөзмөсү” жана “VII Дүйнөлүк халал саммитинин” уюштурулушу пландалууда


Урматтуу Мырзалар жана Айымдар!

2021-жылдын 25-ноябрынан 28-ноябрына чейин Түркиянын Стамбул шаарынын Конгресс борборунда “Ислам Кызматташтыгы Уюмунун VIII Halal Ехро көргөзмөсү” жана “VII Дүйнөлүк халал саммитинин” уюштурулушу пландалууда. Иш-чаралардын темасы – “Жаңы кылым жана жаңы нормалар: адал азыктарын пайдалануунун жана өндүрүүнүн зарылчылыгы”.




Бул иш-чаралар адал тармагына байланыштуу бардык жааттарда катышуучулар менен эксперттер тобунун ортосунда билим жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан мурда өткөн “Ислам Кызматташтыгы Уюмунун VII Halal Ехро” көргөзмөсүндө 94 өлкөдөн 34 миң 865 адистер катышып, адал-индустриясында жаңычылдыктар менен болүшүп кеткен.

Дүйнөлүк халал саммити адал тармагында акыркы дүйнөлүк жаңылыктар жана тенденциялар менен тааныштырып, рыноктун болочок багыттарын талкуулоону көздөйт. 2020-жылы COVID-19  пандемиясына карабастан, “Дүйнөлүк VII халал саммити” 2020-жылы 21-23-декабрда SMIIС менен биргеликте Стамбулда «E-Halal Ехро 2020» виртуалдуу көргөзмөсү менен катар ийгиликтүү уюштурулган.

Аны менен катар, кошумча иш-чара катары «Hosted Buyers» программасы даярдалууда. Түркиянын Соода министрлиги колдогон бул соода бизнес-иш-чарасы халал-бизнесине катышкан компаниялар ортосунда келишимдерди түзүүгө шарт түзөт.
Иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат расмий сайтта: http://halalexpo.com.tr/


Кызыккандар КРнын Соода өнөр-жай палатасына бул тел. боюнча кайрылсаңыздар болот: 0 312 611474, 613876


Бардык маалыматтарга кайрылуу