биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте «Улуу Жибек Жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү» деген аталышта Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлер чѳйрѳлѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда кыргыз-кытай ишкерлер-форуму болуп ѳттү


Бүгүн Бишкекте «Улуу Жибек Жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү» деген аталышта Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлер чѳйрѳлѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда кыргыз-кытай ишкерлер-форуму болуп ѳттү.



Кытайдан келген бизнес-делегациянын курамына транспорттук коммуникациялар, мунай-газ ѳнѳр-жай, энергетика жана башка тармактарда иш алып барган ири ишканалардын жетечилери кирди. Делегациянын негизги максат инвестициялоо жана кызматташуу үчүн Кыргызстандын экономикасынын перспективалуу тармактары менен таанышуу, жана кыргыз ишкерлери менен байланыштарды түзүү.



Кытайдын бизнес-коомчулугу кыргыз ишкерлери менен активдүү жана жемиштүү иш алып барат. Эки ѳлкѳнүн ишкерлер чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда бизнес-форумдар, жолугушуулар, кѳргѳзмѳлѳр ар дайым ѳткѳрүлүп турат. «Улуу Жибек Жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү» бизнес-форумунун ѳзгѳчѳлүгү бул ирет кытай делегациясынын курамына кыргыз экономикасына инвестициялоону, биргелешкен ишканаларды түзүүнү жана кызматташууну максат койгон эң ири трансулуттук компаниялардын киргендигинде. Кыргыз ѳндүрүүчүлѳрүнүн мүмкүнчүлүктѳрүн баамдоо үчүн кытайлык делегациясынын «Бишкек» ЭЭА жана башка ишканаларга баруусу да пландалган.    



Бизнес-форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктѳрү жѳнүндѳ, энергиянын жаңыланма булактары тармагындагы кыргыз-кытай ѳнѳктѳштүгү, Улуу Жибек Жолунун алкагында эки ѳлкѳнүн инвестициялык кызматташуусун бекемдѳѳ багытында сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлдү.

Бардык маалыматтарга кайрылуу