биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бишкекте «CANTON Fair-2015» жарманкесинин бет ачаары болду


КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын бирден бир максаты болуп  атамекендик ишкерлер чѳйрѳсүнүн тышкы экономикалык байланыштарын кеңейтүү саналат.  Бул максатты аткаруу жаатында Палатанын алдында чет ѳлкѳлүк ѳкүлчүлүктѳр институту түзүлгѳн, жана дүйнѳ жүзү боюнча 20дан ашуун мамлекеттерде Палатанын расмий ѳкүлдѳрү дайындалган жана иш алып барышат.  Палата ѳзүнүн чет ѳлкѳлѳрдѳгү ѳкүлдѳрү менен кыргыз ишкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктѳрдү сунуштоо максатында иш-чараларды ѳткѳрүп турат. Мына ушундай иш-чаралардын бири бүгүн Бишкекте кыргыз ишкерлери үчүн Кытайда ѳтүүчү «CANTON Fair»  экспорттук жана импорттук товарлардын эң ири 118-жарманкесинин бет ачаары болду.



Иш-чаранын жүрүшүндѳ ишкерлерге Кытайдан инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктѳрү, кытай ишканалары менен кызматташуу перспективалары, жана Кытайда бизнес алып барган кыргыз жарандарынын тажрыйбасы жѳнүндѳ маалымат берилди. Мындан сырткары Кытайдын Гуанчжоу шаарында 2015-жылдын 15-октябрынан 4-ноябрына чейин ѳтүүчү «CANTON Fair-2015» жарманкеси жѳнүндѳ, бул иш-чарага катышуунун жана баруунун шарттары, жарманкенин жаңы багыттары, анда кѳрсѳтүлѳ турган продукциялар, жабдуулардын жана товарлардын Кыргызстанга алып келүү шарттары, жана кытай ишканалары менен келишимдерди түзүү боюнча кенен маалымат берилди.

«CANTON Fair-2015» жарманкесинин Бишкектеги бет ачаары «CHINA TRADE EXPERTS»  жана «ISR CONSULT» компаниялары тарабынан, КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын, КРнын Экономика министирлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин, КРнын Гуанчжоудагу Башкы консулдугунун, «ЖИА» Бизнес-ассоциациясынын колдоосунда уюштурулду.

Бардык маалыматтарга кайрылуу