биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Бүгүн кыргызстандык кийим ѳндүрүүчү ишканалар менен Россиянын Чуваш Республикасынын келген ишкерлердин жолугушуусу болуп ѳттү


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасында кыргызстандык кийим ѳндүрүүчү ишканалар менен Россиянын Чуваш Республикасынын келген ишкерлердин жолугушуусу болуп ѳттү. Иш-чараны Кыргызстан менен Чувашиянын жеңил ѳнѳр-жай тармагында иш алып барган ишканаларынын ортосундагы кызматташууну түзүү жана ѳнүктүрүү максатында эки тараптын Соода-ѳнѳр жай палаталары уюштурду.

Чувашиядан келген бизнес-делегациянын курамына кыргыз ѳндүрүүчүлѳрү  менен түз байланыштарды түзүүнү кѳздѳгѳн ишканалардын жетекчилери кирди. Ѳз кезегинде жолугушууга кыргызстандык 10 компаниянын ѳкүлдѳрү келип, толук кандуу сүйлѳшүүлѳр болуп ѳттү.  

Жолугушуунун жыйынтыгында чувашиялык ишкерлер жергиликтүү ишканаларга барып, алардын ѳндүрүш кѳлѳмдѳрү жана процесси менен ичтен таанышуу керектиги макулдашылды. Чувашиялык компаниялар белгилегендей, тараптар кызматташуу боюнча келише турган болсо Кыргызстанда тигилген кийимдер Чувашиянын рыногуна гана эмес, Россиянын аймактарына жана Москва сыяктуу ири шаарларына дагы экспорттолушу толук мүмкүн.









Бардык маалыматтарга кайрылуу