биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Италиянын Милан шаарында ѳтүп жаткан ЭКСПО-2015 Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону ѳз ишин улантууда.


Италиянын Милан шаарында ѳтүп жаткан ЭКСПО-2015 Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону ѳз ишин улантууда.  Ачылгадан баштап ушул убакка чейин алдын ала эсеп менен 300 миңдей кѳрүүчүлѳр Кыргыз павильонуна келип кетти. Павильондун кызматкерлеринин айтымында келгендердин кѳпчүлүгү Азиянын жүрѳгү – Кыргызстанды ѳз кѳздѳрү менен кѳрүүгѳ ниет кылышууда.

Ачылышынын алгачкы сааттарында эле кыргыз экспозициясы кѳргѳзмѳнүн конокторунун кызыгуусун туудурду. Биздин павильондун конокторун кыргыз жери менен тааныштыруу максатында тартылган кѳркѳм тасма кѳрүүчүлѳрдү  мамлекетибиз, анын керемет жаратылышы, шаарлары, туристтик жана экономикалык потенциалы жѳнүндѳ тааныштырат. Бул тасма 3D mapping форматында тартылган жана кѳрүүчүлѳрдүн тасмада кѳргѳзүлүп жаткан жерлерде ѳздѳрү жүргѳндѳй эффект түзѳт. 

Ѳлкѳбүз жѳнүндѳ кененирээк маалымат менен (жалпы маалымат, айыл-чарба, маданият, туризм, инвестициялык климат ж.б.) кѳрүүчүлѳр павильондун дубалдарында жайгаштырылган 4 интерактивдүү экрандардан орус, англис, италия тилдердинде тааныша алат. Ошондой эле павильондун ичинде кыргыз күүлѳрү, заманбап ыр чыгармалары жаңырып турат.
 
Дүйнѳлүк ЭКСПО-2015 кѳргѳзмѳсү үстүбүздѳгү жылдын 31-октябрына чейин болот, ажана ушул убакыт аралыгында Кыргызстандын Улуттук павильону биздин ѳлкѳнүн таанытма картасы катары мамлекетибизди дагы кѳптѳгѳн чет ѳлкѳлүк жарандарга таанытып, болочок туристтерди жана инвесторлорду тартат.






















Бардык маалыматтарга кайрылуу