биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Жаңылыктар » КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын жаңылыктары » Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы менен Иран Ислам Республикасынын соода, ѳнѳр-жай, тоо-кен ѳнѳр-жай жана айыл чарба Палатасынын ортосунда кызматташуу жѳнүндѳ Макулдашууга кол коюлду.


Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы менен Иран Ислам Республикасынын соода, ѳнѳр-жай, тоо-кен ѳнѳр-жай жана айыл чарба Палатасынын ортосунда кызматташуу  жѳнүндѳ Макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга эки мамлекеттин Палаталарынын жетекчилери тарабынан Кыргыз Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын Президенттеринин катышуусунда, КРнын Президенти А.Атамбаевдин 4-5-сентябрда Иранга болгон расмий иш-сапарынын алкагында кол коюлду.  

  
Макулдашуунун негизинде Палаталар эки мамлекеттин ишкерлик чѳйрѳлѳрүнүн ортосундагы байланышты түзүү жана ѳркүндѳтүү максатында тыгыз кызматташат.  Кол коюлган документке ылайык тараптар бизнес-делегациялар менен алмашуу, ишкерлердин жолугушууларын, ишканалардын жана компаниялардын эл-аралык кѳргѳзмѳлѳргѳ катышуусун уюштуруу, жана башка ушу сыяктуу эки ѳлкѳнүн бизнес ѳкүлдѳрүнүн перспективалуу алакаларын түзүүгѳ жана бекемдѳѳгѳ багытталган иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ ниеттенишет.

 

Бардык маалыматтарга кайрылуу