биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Азык-түлүк жана айыл-чарба ѳндүрүмдѳрүнүн эл аралык «АгроПродЭкспо» кѳргѳзмѳ-жарманкеси

Азык-түлүк жана айыл-чарба ѳндүрүмдѳрүнүн эл аралык «АгроПродЭкспо» кѳргѳзмѳ-жарманкеси


ѲТКѲРҮЛҮҮЧҮ ДАТАСЫ: 2015-жылдын 11-14 сентябры

КѲРГѲЗМѲ ТУУРАЛУУ:  АгроПродЭкспо кѳргѳзмѳсү Кыргыз Республикасынын аймагында ѳткѳрүлүүчү кайра ѳндүрүү ѳнѳр-жай, айыл-чарба, таңгак жана технологиялар тармагындагы жалгыз адистештирилген иш-чара болуп саналат.  АгроПродЭкспо кѳргѳзмѳсүнүн катышуучуларына ѳндүргѳн жана дистрибуциялык продукцияларды кѳрсѳтүү үчүн жана ѳнѳктѳштѳр, кардарлар менен жолугушууга уникалдуу мүмкүнчүлүктѳрдү берет. Кѳргѳзмѳ мезгилинде ѳткѳрүлѳ турган конференция, семинарлар рынок тууралуу кенен маалымат алууга, жана ушул тармакта иш жүргүзгѳн ѳнѳктѳштѳр жана кардарлар менен тыгыз байланышты түзүүгѳ жакшы шарттарды тартуулайт.

Негизделген датасы: 2005-жыл.

Ѳткѳрүү мезгили: жыл сайын.

Жалпы аянты: 1100 чарчы метр.

Катышуучулардын саны: 60тан ашуун компаниялар.

Катышуучу мамлекеттердин саны: 7

Расмий колдоо: КРнын Айыл-чарба жана мелиорация министирлиги, КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасы.

Ѳткѳрүлүүчү жайы: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., К.у.Кожомкул атындагы Спорт ордочу

 

КѲРГѲЗМѲНҮН НЕГИЗГИ БѲЛҮКТѲРҮ:

  • Айыз-түлүк;
  • Алкоголдуу жана алкоголсуз ичимдиктери;
  • Айыл-чарба, айыл чарба техникасы;
  • Таңгак, жабдуулар жана технологиялар;
  • Азык-түлүк ѳндүрүүчү технологиялар;
  • Ингредиенттер, кошулмалар, татымалдар;
  • Адистештирилген жабдуулар.

 

КѲРГѲЗМѲНҮН АТАЙЫН  ИШ-ЧАРАЛАРЫ:

- Кѳргѳзмѳ катышуучулары үчүн «Конкурс для участников выставки «Стенддин жакшы кооздому (дизайны)», «Кең ассортимент үчүн», «Ѳндүрүмдү ѳзгѳчѳ кѳрсѳткѳндүгү үчүн».

- Кѳргѳзмѳнүн 11-сынагынын «Алтын медалы»

- Кесиптик семинарлар, мастер класстар, презентациялар

 

КѲРГѲЗМѲНҮН КѲРҮҮЧҮЛѲРҮ:

Кѳргѳзмѳнүн эффективдүүлүгүнүн негизги кѳрсѳткүчү болуп анын кѳрүүчүлѳрү саналат. Кѳрүүчүлѳрдүн, анын ичинде экспонаттар үчүн потенциалдуу ѳнѳктѳштѳр жана кардарлар, кѳргѳзмѳгѳ келүүсүн камсыздоо үчүн уюштуруучулар тарабынан чоң масштабдуу жарнамалык кампания жүргүзүлѳт. 2014-жылы ѳткѳн АгроПродЭкспо кѳргѳзмѳсүнѳ 7000дей кѳрүүчүлѳр келген, алардын 30 пайыздайы тармактык адистер болду. 


ѲЗҮҢҮЗДҮН ИШКАНАҢЫЗДЫ «АГРОПРОДЭКСПО» КѲРГѲЗМѲCҮНДѲ КѲРСѲТҮҢҮЗ!!!

Кѳргѳзмѳгѳ катышуу боюнча суроолоруңуз болсо:

Палатанын «Кыргызэкспоборбор» департаментине кайрылыңыз.

Жооптуу кызматер: Елена Приведенцева

Кыргызстан, Бишкек ш., Киев кѳч. 107, 3-кабат «Кыргызэкспоцентр» иш бѳлмѳсү

Телефон: 61 01 20, 0 556 40 36 63

Email: expo@cci.kg