Башкы бет » «Бишкек-2015» Эл аралык универсалдуу кѳргѳзмѳ-жарманке
«Бишкек-2015» Эл аралык универсалдуу кѳргѳзмѳ-жарманке
ѲТКѲРҮЛҮҮЧҮ ДАТАСЫ: 2015-жылдын 22-26-октябрында
КѲРГѲЗМѲ ТУУРАЛУУ: «Бишкек» кѳргѳзмѳсү – телекоммуникация жана маалымат технологиялары, химиялык ѳнѳр-жай, транспорт жана логистика, жеңил ѳнѳр-жай тармагында Кыргызстандын аймагында ѳткѳрүлүүчү бирден-бир кѳргѳзмѳ-жарманкеси. «Бишкек» кѳргѳзмѳсүнүн катышкан компанияларга ѳздѳрүнүн ѳндүрүмдѳрүн кѳрсѳтүүгѳ жана ѳнѳктѳштѳрдү жолуктурууга, кардарларды тартууга жакшы шарттар түзүлѳт.
Негизделген датасы: 1993-жыл.
Ѳткѳрүү мезгили: жыл сайын.
Жалпы аянты: 1200 чарчы метр.
Катышуучулардын саны: 80ден ашуу компаниялар.
Уюштуруучулар: Бишкек шаарынын мэриясы, КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасы
Кѳргѳзмѳнүн иш-чаралары: кѳргѳзмѳнүн алкагында адистештирилген семинарлар жана презентациялар уюштурулат.
Ѳткѳрүлүүчү жайы: Кыргызстан, Бишкек ш., К.у. Кожомкул атындагы Спорт ордосу
КѲРГѲЗМѲНҮН НЕГИЗГИ БѲЛҮКТѲРҮ:
- Парфюмердик-косметикалык заттар;
- Жуучу жана тазалоочу каражаттар, химиялык тазалоо жана кир жуучу жайлар үчүн жабдуулар;
- Жеңил ѳнѳр-жай;
- Азык-түлүк жана айыл-чарба ѳндүрүмү;
- Алкоголусуз жана алкоголдуу ичимдиктер;
- Таңгак, идиш, энбелги жана полиграфия;
- Машина куруу, кам тетиктер жана жабдуулар;
- Телекоммуникация жана маалымат технологиялары;
- Банк технологиялары, жабдуулар жана кызматтар;
- Үй тиричилик техникасы, эмерек жана интерьер.
- Коопсуздук, куткаруучу каражаттар жана ѳрткѳ каршы коргоочу каражаттар;
- Кеңсе буюмдары.
КѲРГѲЗМѲНҮН АТАЙЫН ИШ-ЧАРАЛАРЫ:
- Кѳргѳзмѳнүн катышуучулары үчүн «Стенддин эң жакшы жасалгасы», «Ѳндүрүмдү ѳзгѳчѳ тартуулоо», «Кең ассортимент үчүн»,За оригинальное представление продукции», «За широкий ассортимент», «Жыл саамалыгы» сынактары.
- Кѳргѳзмѳнүн «Алтын медаль» сынагы
- Кесиптик семинарлар, мастер класстар, презентациялар
КѲРГѲЗМѲНҮН КѲРҮҮЧҮЛѲРҮ:
Кѳргѳзмѳнүн эффективдүүлүгүнүн негизги кѳрсѳткүчү болуп анын кѳрүүчүлѳрү саналат. Кѳрүүчүлѳрдүн, анын ичинде экспонаттар үчүн потенциалдуу ѳнѳктѳштѳр жана кардарлар, кѳргѳзмѳгѳ келүүсүн камсыздоо үчүн уюштуруучулар тарабынан чоң масштабдуу жарнамалык кампания жүргүзүлѳт. 2014-жылы ѳткѳн «Бишкек» кѳргѳзмѳсүнѳ 9000дей кѳрүүчүлѳр келген, алардын 40 пайыздайы тармактык адистер болду.
ѲЗҮҢҮЗДҮН ИШКАНАҢЫЗДЫ «БИШКЕК» КѲРГѲЗМѲCҮНДѲ КѲРСѲТҮҢҮЗ!!!
Кѳргѳзмѳгѳ катышуу боюнча суроолоруңуз болсо:
Палатанын «Кыргызэкспоборбор» департаментине кайрылыңыз.
Жооптуу кызматер: Елена Приведенцева
Кыргызстан, Бишкек ш., Киев кѳч. 107, 3-кабат «Кыргызэкспоцентр» иш бѳлмѳсү
Телефон: 61 01 20, 0 556 40 36 63
Email: expo@cci.kg