биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » Кыргыз Республикасы Дүйнѳлүк «ЭКСПО-2015» кѳргѳзмѳсүндѳ Милан ш., Италия

Кыргыз Республикасы Дүйнѳлүк «ЭКСПО-2015» кѳргѳзмѳсүндѳ Милан ш., Италия


Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү мамлекетибиздин ЭКСПО-2015 Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳсүнѳ катышуусун туура кѳрүп, ѳзүнүн 2011-жылдын 25-августундагы Токтому менен КРнын  ЭКСПО-2015 Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳсүнѳ катышууну дайындоо жана уюштуруу комитетин бекитти, ЭКСПО-2015 кѳргѳзмѳсүндѳгү Кыргыз павильонунун Генералдык комиссары деп КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын Президенти Марат Шаршекеевди дайындады.

Кѳргѳзмѳ 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин Италиянын Милан шаарында ѳтѳт.      Алдын ала маалыматтар боюнча бул кѳргѳзмѳгѳ дүйнѳ ѳлкѳлѳрүнѳн 20 миллион адам келип кѳрүп кетет. Кѳргѳзмѳгѳ 140 мамлекет катышат. «Ушунча катышуучулардын арасында Кыргызстан ѳз беделин түшүрѳ албайт, - деп белгиледи Марат Шаршекеев. – ЭКСПО-2015 «Планета үчүн азык-түлүк, жашоо үчүн энергия» урааны менен ѳтүүдѳ, ушуга байланыштуу кѳргѳзмѳнүн негизги максаты дүйнѳ жүзүнүн туруктуу ѳнүгүүсү үчүн азык-түлүк коопсуздугун жана азык-түлүк продукциясынын сапатын камсыз кылуу болот». Божомолодоо боюнча 2030-2050-жылдары дүйнѳ калкынын саны 10 миллиардга чейин кѳбѳйѳт, мындай шарттарда адамдарды сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоо эң негизги маселе болуусу керек. «Биздин максат дүйнѳ коомчулугун таза экологиясы сакталган, табигый таза азык-түлүктѳрүн ѳндүргѳн,  кѳп жылдык мѳңгүлѳрү жана зор суу ресурстары бар мамлекет болгон Кыргызстан менен, туризмден баштап айыл-чарба ѳндүрүмдѳрүнѳ чейин тааныштыруубуз керек», - деп белгиледи Марат Шаршекеев.  

Италиянын Милан шаарында 2012-жылдын май айында ѳткѳн кѳргѳзмѳгѳ катыша турган 20 мамлекеттин Генералдык комиссарларынын отуруму болуп ѳттү. Анда ЭКСПО-2015 кѳргѳзмѳсүнүн уюштуруу комитети катышуучу мамлекеттердин павильондору орун ала турган эки кластерди: «Кургакчылыкка учурай турган аймактар» жана «Жашылча жер-жемиштер» караган.

«Биз Кыргызстан экологиялык таза жана табигый азыктарды ѳндүрѳ тургандыгын далидей алдык. Биздин Кыргызстан Европа ѳлкѳлѳрү, Малайзия жана Иран сыяктуу ѳлкѳлѳрдүн катарында «Жашылча жер-жемиштер» кластерине киргизилди», - деп билдирди ЭКСПО-2015 кѳргѳзмѳсүндѳгү Кыргыз экспозициясынын Генкомиссары.

 


Кыргыз Республикасынын ЭКСПО-2015                       Кыргыз Республикасынын ЭКСПО-2015  
 кѳргѳзмѳсүндѳгү расмий эн тамгасы                                кѳргѳзмѳсүндѳгү расмий тумары 

                      


Кыргыз Республикасынын Италиянын Милан шаарында ѳтүп жаткан ЭКСПО-2015 Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳсүндѳгү Улуттук павильону 2015-жылдын 21-майында ѳз эшигин кѳптѳгѳн кѳрүүчүлѳргѳ ачты.

Ачылышынын алгачкы сааттарында эле кыргыз экспозициясы кѳргѳзмѳлѳрдүн кѳрүүчүлѳрүнүн кызыгуусун жаратты. Республикабыздын павильону жалпы аянттын борбордук аллеясына жайгашкан, анда негизинен Кыргызстанда өскөн кургатылган мөмө-жемиштер, жашылчалар, колдо жасалган улуттук зер буюмдар жана кийимдер коюлган.

Кыргызстандын ажайып сулуу жаратылышы, тоолору, суулары, кѳлдѳрү, мѳңгүлѳрү, шаарлары жана аймактары, туристтик жана экономикалык потенциалы менен дүйнѳлүк коомчулукту тааныштыруу үчүн атайын аудио-визуалдык искусствосунун заманбап 3D mapping форматында Кыргыз Республикасы жѳнүндѳ тасма дайындалган.  Кыргызстан жѳнүндѳ толук маалымат (жалпы маалымат, айыл-чарбасы, маданияты, туризм, инвестициялык климаты жана башка) павильондун дубалдарында бекитилген 4 интерактивдүү экрандарда италиялык, англис жана орус тилдеринде берилген. Мындан тышкары экрандарда кыргыз маданиятынын чыгармалары проекцияланып турат, кыргыз күүлѳрү, этникалык жана заманбап музыка чыгармалары ойнотулуп турат.

Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳ 2015-жылдын 31-октябрына чейин ѳткѳрүлѳт жана ушул убакыт аралыгында Кыргызстандын Улуттук павильону биздин мамлекетти кѳптѳгѳн дүйнѳ ѳлкѳлѳрүнѳн келген ЭКСПО-2105 кѳргѳзмѳсүнүн кѳрүүчүлѳрүнѳ тааныштырып, ѳлкѳбүзгѳ кѳптѳгѳн туристтерди, инвесторлорду тартат.


  

  

  

ЭКСПО-2105 Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳсүнѳ атайын Кыргыз Республикасы жѳнүндѳ промотасма дайындалган.

Тасма КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасынын тапшырыгы боюнча тартылган.

Авторлору: Азиз Гасанов, Тимур Воинов
Чыгарган: Antares Creative Group

 





Дүйнѳлүк «ЭКСПО-2015» кѳргѳзмѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын Улуттук павильонунун ѳнѳктѳштѳрү


                                           
            

Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы

 


          



«ИЛБИРС» ААК 

 


 



«C.A.T. — Company» ЖЧК



 

«Бугу-Эне» Коомдук Фонду

 


            

«Кыргыз Коньягы» Компаниясы



    

«TRAVEL EXPERTS» Туристтик компаниясы





«Sultan Food & Beverages» ЖЧК


 
 
           
"BIGSERSPORT" Компаниясы 




«АЮ» Компаниясы 


 

«Ак-Каз» Дистрибьюторлук компаниясы 





«АБАДА Трейд» ЖЧК 




«Sierra» Компаниясы


                                                    
                 

"Umbria Export" Консорциуму

 


 

«Iron Horse Nomads» Компаниясы
                   

"Kyrgyz Honey" Соода маркасы