биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

 
_____________________________ 


_____________________________




Башкы бет » «Кыргызстандын ишкерлери коррупцияга каршы» Хартиясы

«Кыргызстандын ишкерлери коррупцияга каршы» Хартиясы


Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын демилгеси менен атамекендик бизнес ѳкүлдѳрүнүн арасында «Кыргызстандын ишкерлери коррупцияга каршы» Хартиясы кабыл алынды.

Мамлекетибиздеги паракорлуктун деңгээли улуттук экономиканын динамикалуу ѳсүшүнѳ бѳгѳт болушун,  Кыргызстанда атамекендик жана чет ѳлкѳлүк ишкерликтин ѳнүгүүсүнѳ тоскоолдуктарды жараткандыгын эске алуу менен кыргыз ишкерлик чѳйрѳсү коррупцияга каршы мамлекет баштаган күрѳшкѳ колдоону чечти.

«Кыргызстандын ишкерлери коррупцияга каршы» Хартиясына кол коюп жатып ишкерлик чѳйрѳ ѳздѳрүнүн ишканаларында жана мамлекеттеги ишкерлик субъектилеринин арасында паракорлуктун алдын алууга жана ага каршы принциптерди таратууга жана ал принциптерди сактоого ниет кылышат.

Хартия кабыл алынган күндѳн баштап ушул тапка чейин «Кыргызстандын ишкерлери коррупцияга каршы» Хартиясына мамлекетибиздин алдыңкы бизнес-ассоциациялары жана банк чѳйрѳсүнүн ѳкүлдѳрү кошулду.:

  1. Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы
  2. Эл аралык ишкерлер кеңеши;
  3. Кыргызстандын камсыздоочуларынын, ѳндүрүүчүлѳрүнүн жана дистрибьюторлорунун ассоциациясы;
  4. Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
  5. Жаш ишкерлер ассоциациясы;
  6. Кыргызстандын экспортелорунун ассоциациясы;
  7. Кыргызстандын ишкерлер кеңеши;
  8. Мекендештер гильдиясынын ассоциациясы;
  9. Бишкек ишкер клубу;
  10. «Bio.kg  органикалык кыймыл федерациясынын ассоциациясы» ЮЖБ;
  11. «Кыргызстандын жаңгак жана токойчуларынын ассоциациясы» ЮЖБ;
  12. Кыргызстандын нефтетрейдерлеринин ассоциациясы;
  13. Кыргызстандын фармацевтикалык бирикмеси;
  14. «Ишкер аялдарга колдоо кѳрсѳтүү ассоциациясы» КУ;
  15. «Айыл Банк» ААК;
  16. «Оптима Банк» ААК;
  17. «Кыргыз күнѳсканалар ассоциациясы» ЮЖБ;
  18. Кыргыз балчыларынын бирикмеси;
  19. «Дары Тянь-Шаня» ЖЧК;
  20. Кыргыз Республикасынын банктар бирикмеси
  21. «КСО Борбордук Азия» корпоративдик ѳнүгүү агентиги.

 

Паракорчулуктун мамлекетибиздин социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнѳ тоскоол болгондугун эске алып,  бардык тараптар биригип коррупция менен күрѳшүү үчүн КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасы атамекендик ишкерлерди «Кыргызстандын ишкерлери коррупцияга каршы» Хартиясына кошулуусуна чакырат.