биз соц.тармактарда:
сайттын тилдери: кыр | рус | eng

_____________________________ 


_____________________________



25.09.2015
Бишкекте «Улуу Жибек Жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү» деген аталышта Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлер чѳйрѳлѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда кыргыз-кытай ишкерлер-форуму болуп ѳттү. Иш-чаранын ѳзгѳчѳлүгү бул ирет кытай делегациясынын курамына кыргыз экономикасына инвестициялоону, биргелешкен ишканаларды түзүүнү жана кызматташууну максат койгон эң ири трансулуттук компаниялардын киргендигинде
читать подробнее
25.09.2015
«Улуу Жибек Жолундагы кызматташтыкты кеңейтүү» бизнес-форумунун жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы менен Эл аралык соодага кѳмѳктѳшүү боюнча Кытай Комитетинин (CCPIT) ортосундагы кызматташуу жѳнүндѳ Макулдашууга кол коюлду
читать подробнее
08.09.2015
Бүгүн КРнын Соода-ѳнѳр жай палатасында кыргызстандык кийим ѳндүрүүчү ишканалар менен Россиянын Чуваш Республикасынын келген ишкерлердин жолугушуусу болуп ѳттү. Жолугушууда белгилегендей, тараптар кызматташуу боюнча келише турган болсо Кыргызстанда тигилген кийимдер Чувашиянын рыногуна гана эмес, Россиянын аймактарына жана Москва сыяктуу ири шаарларына дагы экспорттолушу толук мүмкүн.
читать подробнее
08.09.2015
Бүгүн Бишкекте кыргыз ишкерлери үчүн Кытайда ѳтүүчү «CANTON Fair»  экспорттук жана импорттук товарлардын эң ири 118-жарманкесинин бет ачаары болду. Анда Кытайдан инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктѳрү, кытай ишканалары менен кызматташуу перспективалары,  Гуанчжоу шаарында 2015-жылдын 15-октябрынан 4-ноябрына чейин ѳтүүчү «CANTON Fair-2015» жарманкеси жѳнүндѳ, ага катышуунун жана баруунун шарттары, жабдуулардын жана товарлардын Кыргызстанга алып келүү шарттары боюнча кенен маалымат берилди.
читать подробнее
07.09.2015
Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы менен Иран Ислам Республикасынын соода, ѳнѳр-жай, тоо-кен ѳнѳр-жай жана айыл чарба Палатасынын ортосунда кызматташуу жѳнүндѳ Макулдашууга кол коюлду. Документтин негизинде Палаталар эки мамлекеттин ишкерлик чѳйрѳлѳрүнүн ортосундагы байланышты түзүү жана ѳркүндѳтүү максатында тыгыз кызматташат.
читать подробнее
07.09.2015
Италиянын Милан шаарында ѳтүп жаткан ЭКСПО-2015 Дүйнѳлүк кѳргѳзмѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону ѳз ишин улантууда.  Ачылгадан баштап ушул убакка чейин алдын ала эсеп менен 300 миңдей кѳрүүчүлѳр Кыргыз павильонуна келип кетти. Павильондун кызматкерлеринин айтымында келгендердин кѳпчүлүгү Азиянын жүрѳгү – Кыргызстанды ѳз кѳздѳрү менен кѳрүүгѳ ниет кылышууда.
читать подробнее

Урматтуу биздин сайттын меймандары,

Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын расмий сайтына кош келиңиздер! 

Биздин сайттан Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын (мындан ары – Палата) ишмердүүлүгү, максаттары жана милдеттери, ар багыттагы иш-аракеттери, атамекендик ишкерлик чѳйрѳсүнүн дүйнѳ ишкерлеринин коомчулугу менен болгон кызматташтыгын кеңейтүү, кыргызстандык ѳндүрүүчүлѳрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктѳрүн илгерилетүү, ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, бизнести жүргүзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү багыттарындагы аракеттер, иш-чаралар жана башка бизнес үчүн маанилүү маселелер боюнча маалыматтарды сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз. 

Палата – мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес, коомдук уюм, ишкерлер чѳйрѳсү менен бийликтин ортосунда баардык деңгээлде натыйжалуу жана конструктивдүү кызматташууну түзүүнү кѳздѳйт. Палатанын атамекендик ишкерликти ѳнүктүрүү жана тышкы-экономикалык байланыштарын кеңейтүү үчүн зарыл мүмкүнчүлүктѳрү жана кудурети бар. Палата кѳрсѳткѳн кызматтардын баардыгы: маалымат базасы, жогору квалификациялуу тажрыйбалуу эксперттердин, ошондой эле чет мамлекеттик адистердин кызматы, бизнес чѳйрѳсүнүн катышуусу менен форумдарды, жолугушууларды уюштуруу, чарбачылык ишти алып барууда ишкерлердин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, жана башка кызматтар ѳлкѳдѳ ишкерликтин ѳнүгүүсүнѳ багытталат.

Ушуну менен бирге ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Палата ѳлкѳдѳгү кичи жана орто бизнестин ѳнүгүүсүнѳ түрткү берүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурат, себеби аталган сектор улуттук экономиканын ѳнүгүшүндѳ негизги орунду ээлейт, бул – биринчиден мамлекеттин социалдык фондуна жана бюджетине түшкѳн тѳлѳмдѳр, экинчиден калкты жумуш орундары менен камсыздоо. Ишкерлерге кѳрсѳткѳн жардам биринчи ирэтте ишкерликти жүргүзүүдѳ зарыл болгон инфраструктураны түзүү, мыйзам базасын ѳркүндѳтүү, экономиканын реалдуу секторуна зарыл кадрлардын квалификациясын жогорулатуу. 

Урматтуу айымдар жана мырзалар, Палатанын расмий сайты сиздер үчүн маанилүү жана керектүү маалыматтын булагы, ал эми ишкерлер үчүн бизнести жүргүзүүдѳ жана илгерилетүүдѳ ишенимдүү ѳнѳктѳш болот деген ишеничтемин.

Урматтуу биздин сайтыбыздын меймандары, сиздердин ишиңиздерге ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалоо менен Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы сиздер менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин айтмакчымын.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Соода-ѳнѳр жай палатасынын Президенти         

Марат Шаршекеев   


_____________________________ 


_____________________________